www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиялыктар арасында жакшы энеде кандай сапаттар болушу керек деген сурамжылоо жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгын РИА Новости жарыялады.
Респонденттердин басымдуу бөлүгү (67 пайызы) эне биринчиден мээримдүү болушу керек деп эсептейт. 10 пайызы чыдамдуу болушу керек десе, 7,9 пайызы талапты катуу коюшу зарыл деген пикирде.
Ал эми апа балага эмне бериши керек деген суроого сурамжылангандардын 35 пайызы тарбия деп жооп узатты. 29 пайызы билим десе, 27 пайызы эң алгач эне баласынын ден соолугун сакташы керек деп ойлойт. Ал эми суралгандардын 15 пайызы эненин баласын жакшы көргөнү жетиштүү деген пикирде. Болгону жети пайыз киши эне баланы материалдык жактан кем кылбашы керек деп эсептейт.
Россиялыктардын жарымынан көбү бала бактылуу жана татыктуу инсан болуп чоңоюшу үчүн толук үй-бүлөдө жашашы керек экенин айткан.
Сурамжылоо Россиянын 500 миңден ашык тургуну бар 37 шаарында жүргүзүлгөн.
Булак: NazarNews.kg