www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ жакынкы 2 жылда Тажикстанга коопсуздугун чыңдоо үчүн 60 млн доллар берет. Бул тууралуу АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм 10-майда Дүйшөмбү шаарында өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын алкагында АКШнын бийлиги Тажикстанга чек арадагы аба мейкиндигине байкоо жүргүзүү үчүн «Пума» («Puma») чалгындоочу учкучсуз аппараттарын тапшырат.
20 млн долларга бааланган бул демилгенин шарттары учурда талкууланып жатат. Америкалык элчи Афганистандын түндүгүндөгү террористтик топтор чет өлкөлөрдө теракт жасоону пландап жатканын белгиледи.
«Бирок АКШ Тажикстандын аймагында аскердик база түптөбөйт», - деди ал. Ошондой эле элчи АКШ тажик-афган чек арасында көзөмөл-өткөрүү постун, 900 аскер кызматкери жана алардын үй-бүлөсү үчүн ылайыкталган атайын жай курууну көздөп жатканын кошумчалады.
«Пума» дрондору кол менен учурулат, аны кургакта жана деңизде да пайдаланса болот. Дрон куралдуу кагылышуу учурунда онлайн режимде маалымат топтоого жардам берет. Канатынын узундугу — 2,8 метр, салмагы — 6,8 кг.
Асманда 2,5 саат тынымсыз уча алат. Ошондой эле дронду 20 километрден 60 километрге чейин учурса болот. Ал суу үстүндө да коно алат, ичине суу кирбейт.
Булак: NazarNews.kg