www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанга Орусия эмнеге далысын сала баштады?

Апрелдин аягында чек арадагы чыр-чатактардан улам тажик ашыналар менен челкилдеше кеткенде, Путин Кыргызстанга далысын салып, Тажикстанга көп көңүл буруп тургандай сезилген. Арийне, ал мезгилде бийлик талибандардын колуна өтө элек, дагы ал кездеги ооган бийлигине ишеним бар эле.

Ошондуктан, талибандарга өтө каршылык кылып турган Тажикстанга Орусия курал-жарактарды берип чоң көмөк көрсөтүп жаткан. Кыргызстанга неге жардам бербей Тажикстанга берет дешип кыргыз мекенчилдери чычалап турган.

Эми болсо Тажикстан менен Орусиянын ортосуна кара мышык аралады. Путин менен Рахмондун ортосундагы келишпестик Ооганстандагы саясатка байланыштуу болушу мүмкүн. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевден соң Орусия, Казакстан «Талибан» менен кепке келишкени белгилүү. Ал эми Рахмондун позициясы 180 градуска карама-каршы.

Ооганстандагы тажиктер талибандарга каршы. Ошондуктан Рахмон биздин аймактагы  «Талибан» менен кандайдыр бир диалогго баруудан, аларды таануудан баш тартып жаткан — жападан жалгыз президент. Ооганстан калкынын 46%ы тажиктер экени айтылууда. Рахмон өзүн Тажикстандагы гана тажиктердин эмес, Ооганстандагы тажиктердин да улуттук лидери катары эсептейт. Ал улуттун коргоочусу, Ооганстандагы тажиктердин коргоочусу позициясын ээлөөдө. Ошол себептен ал көбүрөөк Панжшер каршылыгын колдоп жатат.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости