www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-июль күнү кечинде Сириядан Тажикстанга "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук уюмунун катарында согушкан тажик жоочуларынын 146 үй-бүлө мүчөсү жеткирилди.

"Озоди" радиосунун маалыматына караганда, 104 бала менен 42 аялды автобустар менен аты аталбаган жайга алып кетишти. Буга чейин Ирактан алып келинген ИМ тобунун тажикстандык согушкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү Варзоб районундагы лагерге жайгаштырылган.

Маалыматка караганга, мекенине кайтып келген тажик жарандары сириялык күрддөрдүн көзөмөлүндөгү Хасака районунда жайгашкан "Ал-Хол" лагеринде кармалып турушкан.

Согушкерлердин үй-бүлөсүн кайтаруу ишин Сириянын Тышкы иштер министрлиги, Эл аралык Кызыл чырым уюму жана Тажикстандын Кувейттеги элчилиги биргелешип координациялаганы кабарланды.

Сириянын түндүгүндөгү "Аль-Хол" жана "Родж" лагерлеринде 500дөн ашык тажикстандык аялдар менен балдар кармалып турат. Алардын көбү Сирияга күйөөлөрү менен барганын, ал жакта чынында эмне болуп жатканын билишпегенин айтып келишет. Аялдар лагерлердеги шарттар оор экенине даттанып, бир нече жолу тажик бийлигинен алардын мекенине кайтуусуна жардам берүүнү өтүнүшкөн.

2019-жылы жазында Ирак тажик жоочуларынын 89 баласын Душанбеге өткөрүп берген. Бул өлкөдө ондогон тажикстандык аял "Ислам мамлекети" менен кызматташкан деген айып менен узак мөөнөттөргө соттолгон.

Тажикстандын маалыматына караганда, 2014-жылы "Ислам мамлекети" Ислам халифатын түзгөнүн жарыялагандан бери Сирия менен Иракка 2 миңге жакын тажик жараны кеткен. Алардын көбү согуш талааларында өлүп, абакка камалып же бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз жоголгондордун тизмесинде калууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости