www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кыскартуунун алкагында 2000 адам жумуштан кетти. Бул туурасында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев билдирди.

Ал кыскартуу иштери дагы да улантылып жатканын белгиледи.

"Биздин эле мекемеден кыскартууга илинип 31 адам жумуштан бошотулду", — деди Жантаев.

Жалпы жонунан учурда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда 26 565 штаттык орун бар. Буга чейин 28 миңден ашуун кызматкер иштечү.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын июнь айында президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө" жарлык чыгарган. Анда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин санын 30 пайызга кыскартуу каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости