www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын беш телеканалына көрсөтүүнү улантууга уруксат берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин лицензиялык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Бектур Ибрагимов билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылдын декабрь айында Россия Федерациясынын беш телеканалы: 8-канал, РТВ Медиа, НТВ KG, Домашный жана ЭмТВ телеканалдары лицензиясынан ажыратылган. Буга чейин аларга эскертүүлөр берилип, айып пул салынган. Бул каналдар тил саясатын сактаган эмес. Мыйзам боюнча контенттин 50 пайызы мамлекеттик тилде берилиши керек. «Бул телеканалдар мыйзам бузууларды оңдоп, берүүлөр кайра жанданды», - деди Бектур Ибрагимов.
Белгилей кетсек, жарым жылдын ичинде Маданият министрлиги эки радио жана үч телеканалга уруксат берген.
Булак: NazarNews.kg