www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кичи жана Улуу Памирдеги кыргыздар жашаган жер геосаясий, стратегиялуу орду бар, Вахан коридорунда жайгашкан, дүйнөлүк ири державалар талашып келген жер» , - деди бүгүн, 26-июлда NazarNews маалымат агенттигине экс-дипломат Азат Эркебаев.

- Азат Абдыганиевич, 2024 жылга чейин Кичи жана Улуу Памирдин аймагынан 1,5 миң этникалык кыргыздарды (400 үй-бүлө) Ооганстандан алып келүү пландалууда. Бул туура кадамбы же чекиликпи?

- Бул маселени чечүүдө шашпоого чакырат элем, убакыт менен чектебей, оболу комплекстүү талдап, изилдеп, керек болсо Кичи жана Улуу Памирге атайын экспедиция жөнөтүп, анын катарына тиешелүү мекемелердин (тышкы иштер, миграция, улуттук коопсуздук, саламаттык сактоо боюнча) адистерин, илимпоздорду кошуп, бул топ жеринде боордошторубуздун учурдагы ал-акыбалын көп тараптан изилдеп, алдың ошол 400 үй-бүлөгө жетип, сурамжылоо жүргүзүп, ойлорун билип, көчкөнгө ыктыярларын тактап, жыйынтыгында бир чечим кабыл алынса дейт элем.

Албетте, Кичи жана Улуу Памирдин географиялык, табигый шарттарында жашоо, тиричилик жүргүзүү оңой эмес, боордошторубуздун социалдык-экономикалык абалы жакшы дегенден алысмын, нары 2021-жылдын жай айларында бийликке «Талибан» кыймылы келип, катаал режимин орноткондон кийин Ооганстандын өзүндө коомдук-саясий кырдаал стабилдүү эмес жана кандай өңүттө өнүгөт айтуу кыйын.

Ушул себептерден алганда президент Жапаровдун бир ууч боордошторубузду көчүрүп келүү боюнча ою, жана мындай ойду колдогон мекендештердин пикирлери Кичи жана Улуу Памирдеги кыргыздарды колдоого, камкордукка алууга негизделген деп билем. Ошол эле учурда мен билгенден азыркы учурда ошол этникалык кыргыздардын өздөрүндө жапырт көчүү тууралуу бир өңчөй пикир жок.

Кантсе да Кичи жана Улуу Памирде бир канча муун боордошторубуз төрөлүп өскөн, бул жерди мекен көрүп калышкан, айрыкча бизде ата-бабалардын мазарын калтырып кетүү кыйынга турат эмеспи, деги эле калың элдин (1,5 миң адам бизге аз көрүнгөнү менен Кичи жана Улуу Памирде аз эмес калк) журт которуп кетиши оңой иш эмес.

Бул жерден мен эки жагдайды белгилей кетээр элем. Биринчиден жогоруда айткандай Ооганстандагы Кичи жана Улуу Памир аймагындагы кыргыздар кече эле барып конуп калган калк эмес, же айтылуу Рахманкул-хан менен аргасыз журт которуп барып калышкан эмес.

Кайың барбы кыргыз балта чаппаган,

Өрөөн барбы кыргыз сөөгү жатпаган,

Өзөн барбы кыргыз аты кечпеген деген сыңары, Кичи жана Улуу Памирди кыргыздар бир нече кылымдан бери байырлап келе жатышат.

Бул аймак геосаясий, стратегиялуу орду бар Вахан коридорунда жайгашкан, көптөгөн кылымдар регионалдык, дүйнөлүк ири державалар талашып келген жер.

Азыр да кыргыздар жашаган жер Ооганстан, Кытай, Тажикстан менен чектешкен, Пакистанга, Индияга да жакын. Мындай өзгөчөлүгү бар, шарты катаал болгону менен келечеги ачыла элек, бирок дүйнө назары түшүп турган жерде жашап, ээлик кылып турган кыргыз кандаштарыбызды жеринде колдоп, турмуш абалын жакшыртууда көмөк көрсөтүп, келечегин ачсак, алардын ордун, ролун көтөрсөк дурус болмокпу дейм.

Экинчи жагдай, боордошторубуз келер алдында аларга жакшы турмуштук шарттарды түзүп, социалдык-экономикалык адаптация жеңил өтүүсүнө, коомго оңой эле жуурулушуп кетишине даярдыгыбыз барбы? Же бир нече жыл мурун 20 чакты оогандык кыргыздарды кызыктырып, Нарынга көчүрүп келип, бирок жашоо-тиричилиги кыйын абалда калгандай кырдаал түзүлбөйбү?

Кийинки көчүп келишкен 11 үй-бүлө Алайдын Сары-Могол айылында жашап, андан соң Талды-Суу айылына атайын жаңы курулган үйлөргө жайгаштырылып, балдары мектепте окуп жатканы менен, азыр ошол боордошторду күнүмдүк тиричилик, тамак-ашына жетээрлик каражат табуу, жумуш табуу маселеси ойлондуруп жатканын жакындан таанышып, кабар алып жүргөндөн билем. Бул жаатта оогандык кыргыздар үчүн Чоң-Алайдын Бурган-Суу айылында тиешелүү жашоо шарттарды даярдоо иштерине өзгөчө көңүл буруп, эки жолу боордоштор менен жолугуп келген президент С.Жапаровдун аракеттери жакшы жыйынтык берет деген үмүттөмүн.

Негизгиси алыс жерден жүздөгөн, мүмкүн миңдеген боордошторду көчүрүп келүү маселесинде алар мамлекетибиздин камкордугу бар экенин сезип, сыймыктануу менен жашагандай, башка өлкөлөргө, улуттарга мисал боло тургандай даярдыкты көрүп, жетиштүү шарттарды түзүп, иш алып барышыбыз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости