www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коопсуздук кенешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Азия чөлкөмү боюнча адис катары сыпатталып, макталып калчу. Убагында пиарщиктери көтөрө сала алкашса, өзүнүн да тили буудай кууруп, сайраган жагынан «көркүнө» чыга калчу эмес беле?
Бирок реалдуу ишке келгенде алардын бири жок, мышык сымалындай бүрүшүп калган образын кантебиз? Казакстандагы коогаланда, кийин Баткенде тажиктердин ок чыгарган жоругунда Масадыков маанилүү сөз айтмак турсун, «маарап» да койгон жок.
А эмнеге чечкиндүү кадамдарга барууга, караңгыдан көз табууга жараган жок? Таң калгандар арбын. Айрым билермандар «Масадыковдун мамлекеттик кызматта тажрыйбасы жетишсиз, эл аралык уюмдарда котормочулук иш кылган, өз алдынча чечим кабыл ала албайт...» деп айткандары бекер жерден эмеспи?
«Шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз...» дегендей, Таалатбек мырза таасирдүү фигура катары жарай албады, жай турмушта тек гана кооз сүйлөгөндү билет тура.
А Эл башына күн түшүп, кооптуу кезең башталганда таппай калат экенбиз. Кызматын качан тапшырып кетет?
Булак: Азия News гезити