www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажудинов Бишкектеги Азия чемпионатында алтын утту

Бахрейндик эркин күрөш боюнча балбан Ахмед Тажудинов (97 кг) Бишкекте өтүп жаткан Азия биринчилигинде алтын утту.

Ахмед Тажудинов финалдык беттеште казакстандык Ризабек Айтмухан менен күч сынашып, аны 4:2 эсебинде жеңди. Бул жеңиши менен Тажудинов экинчи ирет Азия чемпиону атанды. Былтыр ал Казакстанда өткөн Азия биринчилигинде алгачкы жолу чемпион болгон.

Ал эми Ризабек Айтмухан быйыл Азия чемпионатында экинчи жолу күмүш тагынды. Ал былтыр да Азия чөлкөмүндөгү бул мелдеште экинчи орунду ээлеген (92 кг салмакта).

Белгилей кетсек, Тажудинов менен Айтмухан экөө тең дүйнө чемпиону болушат. Ахмед Тажудинов былтыр 97 кг салмакта, ал эми Ризабек Айтмухан 92 кг салмакта дүйнө биринчилигин уткан. Айтмухан — Казакстандын тарыхында эркин күрөштөн дүйнө чемпиону болгон биринчи балбан. Ал быйылтан тарта 97 кг салмакта күрөшө баштады.

Тажудинов былтыркы дүйнө чемпионатында Олимпиада оюндарынын, дүйнө биринчилигинин жеңүүчүлөрү болуп жүргөн Абдулрашид Садулаев жана Кайл Снайдер сыяктуу күчтүү балбандарды утуп, чемпион атанган.

Тажудинов менен Айтмухан буга чейин бир жолу беттешкен. Ал кармаш Түркиядагы эл аралык мелдештин жарым финалында болуп, Тажудинов Айтмуханды тушеге басып жеңген.

Бишкектеги 11-апрелде башталган Азия чемпионаты 16-апрелде жыйыныкталат. 11-12-апрелде эркин күрөш, 13-14-апрелде кыз-келиндер жаан 15-16-апрелде грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өтөт.

Булае: NazarNews.kg 

Последние новости