www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузиянын борбору Тблисиде жекешемби күнү кечинде демонстранттар менен полиция кагылышты. Укук коргоо кызматкерлери аларга суу бүркүп, Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында чогулгандарга көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Алар БШКнын башчысынын отставкасын жана жаңы парламенттик шайлоону дайындоону талап кылышууда.

Полиция демонстранттар имаратка чабуул жасоого аракет жасашканы үчүн күч колдонгонун маалымдады.

Эске салсак, 31-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Грузин кыялы» партиясы шайлоочулардын 48,23% добушун алган. Ошондой эле бир мандаттуу 13 аймакта аталган партиянын талапкерлери жеңишке жеткен.

Белгилей кетсек, 17 аймакта, анын ичинде Тбилисиде 21-ноябрда шайлоонун экинчи айлампасы өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости