www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын резидентинин администрациясына,

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине,

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө,

Кыргыз Республикасынын акыйкатчысына (омбудсменине),

БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгына,

БУУнун укук коргоочуларынын абалы боюнча атайын баяндамачысына,

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна,

Human Rights Watch,

Amnesty International,

Адам укуктары боюнча эл аралык федерациясына (FIDH),

Forum-Asia,

Front Line defenders

Биз, Кыргызстандын отуз үч коомдук/укук коргоо уюмдары менен активисттерин бириктирген Теңчилик үчүн коалиция Кыргызстандын бийлигине Камиль Рузиев өз ишмердүүлүгүнүн алкагында маалымдаган кыйноо жана коркутуу фактыларынын баардыгын иликтөө жана соттук акыйкат текшерүү жүргүзүү талабы менен кайрылуудабыз.

Бийлик Камиль Рузиевден айыптоону алып, укук коргоочу жарыя кылган адамдарга каршы кыйноо фактыларынын бардыгын объективдүү иликтөө баштоосу керек. Азыркы кризистик кырдаалда активистти коргоодогу өзгөчө ролду Атыр Абдрахматова жетектеген Акыйкатчы институту ойношу керек деп эсептейбиз.

Камиль Рузиевдин ишинде укук менен мыйзамдуулукту калыбына келтирүү үчүн Акыйкатчы институтунун адистери – күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү укук коргоочунун үнүн басууга жана жарандардын эркиндиктери менен укуктарынын системалуу түрдө бузулушу үчүн жоопкерчиликтен качууга аракет кылып, Ысык-Көл облусунда кыйноого дуушар болгондордун укуктарын калыбыгна келтирип, жергиликтүү деңгээлде акыйкатсыздыктын тереңдегени жана адам укуктары үчүн күрөшкөн адамга каршы абсурддук айып коюу менен мыйзамсыз куугунтуктоонун себептерин дыкат иликтегени өтө маанилүү.

Кыргыз Республикасы БУУнун толук укуктуу мүчөсү жана өзүнө адам эркиндиктери менен укуктар чөйрөсүндө өзүнө эл аралык милдеттенмелерди алган. Биздин өлкө, ошондой эле, укук коргоочуларды коргоо жана алардын укуктарын камсыз кылуу боюнча БУУнун Универсалдуу мезгилдик обзорунун сунуштамаларын аткарууга милдеттенген.

Буга ылайык, мамлекет укук коргоочунун коопсуздугун камсыздашы керек жана «укук коргоочуларга карата жасалган адам укуктарынын бузулушу же коркунучтар жөнүндө ырастоолорду жана даттанууларды ыкчам, натыйжалуу, көз карандысыз жана жоопкерчиликтүүлүк менен териштирүүгө тийиш».

Биз кылмыш ишинин козголушунда жана тергөө учурунда бир катар укук бузууларга жол берилгенине карабастан, мамлекеттик айыптоо кыйноолорго каршы күрөшкөн адамга коюлган айыптар далилденбеген деп эсептейбиз жана ага беш жылдык мөөнөткө абак жазасын өкүм кылууну суралып жаткандыгы боюнча тынчсыздануудабыз.

2022-жылдын 12-августунда Каракол шаардык соту Камиль Рузиевдин иши боюнча өкүм чыгарууга тийиш. Укук коргоочу – жасалма медициналык справка даярдап, аны пайдаланган деп күнөөлөнүүдө. Тергөөнүн айтканына караганда укук коргоочу муну Каракол шаардык сотунун ал иштеген иштердин бири боюнча Каракол шаардык сотунун чечимине даттануу мөөнөтүн узартуу үчүн жасаган. Бирок 2021-жылы эле экспертиза справканын чыныгы документ экенин тастыктаган

Камиль Рузиев Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы «Вентус» укук коргоо уюмунун жетекчиси. Ал кыйноолордон, зордук-зомбулуктан жана басмырлоодон жабыркагандардын кызыкчылыктарын коргойт жана аларга юридикалык жардам көрсөтөт.

2020-жылы активист Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) жергиликтүү башкармалыгынын кызматкерлеринин аракетсиздигине каршы доо арыз жазган. Андан мурда Рузиев УКМКнын башкармалыгына жана прокуратурага тергөөчү тарабынан ага жана анын жактоочусуна карата коркутууларды жана кыйноолорду тергөөгө алууну талап кылып, арыз менен кайрылган.

2020-жылдын 29-майында укук коргоочу анын доо арызы боюнча өткөн сот жыйынынан чыгып бара жатканда кармалган жана Каракол шаарындагы Убактылуу кармоочу тергөө абагына камалган. 2015-жылы Камиль Рузиевди милиция кызматкерлери кыйноого алган жана Каракол тергөө абагынын (СИЗО) ишин мындан ары текшербей тургандыгы жана жабырлануучулардын укуктарын коргобостугу жөнүндө тил кат жазып берүүсүн талап кылган. Укук коргоочуну кыйноолор жөнүндө иш токтотулган.

Рузиевди курал менен бир нече жолу коркуткандан кийин тергөөчү Нурбек Токушев кызматтан бошотулган. Токушевди, ошондой эле, чет элдик жарандан кыйноо аркылуу айыпты мойнуна алдыргандыгы үчүн күнөөлөшкөн. Ал жарандын кызыкчылыктарын Камиль Рузиев коргогон.

2020-жылдын декабрында БУУнун атайын баяндамачысы Мэри Лолор Кыргызстандын бийлигинен – Рузиевди кугунтуктоону токтотууну жана ал айткан мыйзам бузуу фактыларын териштире баштоону талап кылган. Ал укук коргоочуга карата куугунтуктоо – качан ал укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кыйноо фактыларын жана алардын ишиндеги кемчиликтерди айтып чыкканда башталган.

Биз, Теңчилик үчүн коалициясынын мүчөлөрү, бийликтен – Камиль Рузиевге карата куугунтутоону токтотууну, ага жана анын жактоочуларына карата коркутуп-үркүтүүлөрдү териштирүүнү, ошондой эле, укук коргоочуга өз ишмердүүлүгүн коопсуз чөйрөдө жүзөгө ашыруусу үчүн шарт менен камсыз кылууну көптөн көп өтүнөбүз.

Теңчилик үчүн Коалициясы – Кыргыз Республикасынын бир катар уюмдарынын формалдуу эмес бирикмеси. Ал – Кыргызстанда теңдеш, адилеттүү жана толеранттуу коомду түзүү үчүн басмырлоого каршы мыйзамды иштеп чыгуу жана имплементациялоо, басмырлоонун жана ксенофобиянын бардык формаларына каршы күрөшүү жана адам укуктары маселелери боюнча өз ара алака түзүү үчүн 2013-жылы түзүлгөн.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн: [email protected] сурамы боюнча же Фейсбуктагы: https://www.facebook.com/equalityinkg/ баракча аркылуу кайрылса болот. Теңчилик үчүн Коалициясынын аракеттеги координатору: «Бир Дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо кыймылы, Бишкек ш., Сыдыков к., 258, +996312317671, +996551089099, [email protected]

Последние новости