www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 27-октябрда, Ирандын борбор шаары Тегеранда Ооганстандын коңшу өлкөлөрүнүн ТИМ жетекчилеринин деңгээлиндеги экинчи жолугушуу болуп өттү. Бул жыйынга Орусия дагы катышты. Жыйындын жүрүшүндө тараптар Ооганстанда бардык этникалык топтордун катышуусу менен инклюзивдик өкмөт түзүүгө кандай жардам берүү маселесин талкуулады.

Жолугушууда Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Амир Абдуллахиян бүгүнкү жыйындын максаты Ооганстандагы жаңы кырдаалга көңүл буруу экенин билдирди. Ал ооган жарандарынын жана кошуналар менен болгон чек аралардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилик биринчи кезекте Кабулдагы жетекчилерге жүктөлөөрүн билдирди. “Биз баарыбыз Ооганстанга азыркы кризистен чыгууга жардам беришибиз керек”, - деп билдирди Абдуллахиян. Ошондой эле, ал АКШ Ооганстанда акыркы жыйырма жылда алып келген трагедия үчүн жоопкерчиликти өзүнө алышы керек деди.

Өз кезегинде, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ооганстандын кошуна өлкөлөрүн АКШ жана НАТО күчтөрүнүн өз аймагында аскердик база болушуна жол бербөөгө чакырды. Лавров АКШ Ооганстанга ар дайым өзүнүн геосаясий милдеттерин чечүүчү курал катары гана мамиле кылып келгенин айтты. Ал Ооганстандан качкын катары террорчулар коңшу өлкөлөргө кирүүгө аракет кылып жатканын айтып, буга каршы туруу керек экенин баса белгиледи.

Ал эми Кытайдын тышкы иштер министри Ван И - АКШ жана башка батыш өлкөлөрүн Ооганстанга каршы бир тараптуу санкцияларды мүмкүн болушунча тез арада алып салууга чакырды.

Ооганстан боюнча жыйынга Иран, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Пакистан баш болгон өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери катышты. Ал эми Орусия менен Кытайдын тышкы иштер министрлери онлайн тартибинде катышты. Эске салсак, Ооганстандын кошуна мамлекеттеринин биринчи отуруму 8-сентябрда онлайн өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости