www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын кошуна мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери “Талибан” кыймылына жана эл аралык коомчулукка бир катар талаптарды коюшту.

Тегерандагы жыйынына катышкан Ооганстандын коңшу өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жасашты.

Бардыгы болуп документте 11 пункт бар.

Тараптар Ооганстанда инклюзивдик өкмөт түзүү жана тынчтыкка жетишүү үчүн жаңы өкмөттүн өкүлдөрү менен чыныгы диалогду улантуу керектигин белгилешти.

Ошондой эле Ооганстан менен саясий кызматташууну, экономикалык интеграцияны жана аймактык кызматташтыкты кеңейтүү зарыл.

Ал эми Ооганстан боюнча атайын өкүлдөр менен элчиликтердин кызматкерлеринин жолугушуулары үчүн атайын механизм түзүлүшү керек.

Эл аралык коомчулук Иран, Пакистан жана ооган качкындарын кабыл алган башка коңшу өлкөлөргө жардам көрсөтүшү керек.

Ооганстанга гуманитардык кризистин жана республиканын жарандарынын өлкөдөн качып кетишинин алдын алуу үчүн тез арада жардам көрсөтүү зарыл.

Эл аралык коомчулук өлкөнүн тургундарына коронавирус менен күрөшүүдө жардам бериши керек.

Мындан тышкары, биргелешкен билдирүүдө “Талибан” өкмөтү үчүн бир нече шарттар камтылган:

-  талибдер мамлекеттик органдардын ишин камсыз кылуу, калкка жардам көрсөтүү жана адам укуктарын сактоо менен өлкөдө тартип орнотууга тийиш;
-  Ооганстандын аймагы кайсы бир өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө колдонулбашы керек;
-  “Талибан” коңшуларына карата тынчтык саясатын жүргүзүү менен мурда алган милдеттенмелерин аткарууга тийиш;
-  “Талибан” терроризмге, баңги аткезчилигине жана адам сатууга каршы күрөшүшү керек;
-  Ооганстандын жаны бийлиги Эл аралык коомчулук менен бирге качкындар маселесин чечиши керек.

Эске салсак, кечээ, 27-октябрда Ирандын борбор шаары Тегеранда Орусия, Кытай, Иран, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлеринин Ооганстан боюнча бир күндүк жыйыны болуп өттү.

Анда сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы Ооганстанда бардык этникалык, саясий жана социалдык топтордун катышуусу менен инклюзивдүү өкмөттү түзүүгө көмөк көрсөтүү маселеси болду.

Мындай форматтагы үчүнчү жолугушуу 2022-жылы Кытайда өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости