www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын борбору Тегерандын борбордук бөлүгүндөгү Энгелаб аянтында АКШ президенти Дональд Трамп табытта жаткандай дубал сүрөтү пайда болду. Бул тууралуу Iribnews Telegram-каналы билдирди.
Сүрөттө көрүнүп тургандай, ал абдан чоң өлчөмдө жасалган. Ал клин формасындагы имаратка тартылып, көп унаа жүргөн ири жол түйүнүнө каратып жайгаштырылган. Сүрөттө АКШ лидери табыттын ичинде жатат. Табыттын өзү ар кандай жазуулар менен кооздолгон.
Бул инсталляциянын пайда болушу Иран менен АКШнын ортосундагы аскердик-саясий чыңалуунун күчөшү, ошондой эле Ирандагы консервативдүү күчтөрдүн мурдагы жогорку лидери Али Хаменеи өлтүрүлгөнүнө байланыштуу өч алуу чакырыктарын күчөткөнү менен байланыштуу экени айтылууда.

Буга чейин Израиль АКШны Ирандын Трампты жок кылуу боюнча жаңы планы тууралуу эскерткени кабарланган.