www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор Азия өлкөлөрү климаттык өзгөрүүлөргө каршы туруу жана суу ресурстарын сактоо үчүн биригиши шарт. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Борбордук Азиянын суу ресурстары боюнча илимий жыйында билдирди.

"Борбор Азия өлкөлөрүн бириктирген да ажыраштырган да суу болот. Европа өлкөлөрү жүздөгөн жылдар талашып, тартышып, керек болсо согушуп келишкен. 20-кылымдын башында эле он миллиондогон адамдардын өмүрүн алган эки дүйнөлүк согуш да Европадан чыккан. Ушул согуштардан кийин жүз карашпай калышат деген европалыктар ынтымакка келишип, биригишти. Бүгүн Европа Биримдигинде 27 өлкө бар.

Европа Биримдигинин негизин “Көмүр менен Темирдин Союзу” деген 1951-жылы кол коюлган келишим түзгөн. Борбор Азия өлкөлөрүн Суу жана Жол бириктирет.

Биздин региондо суу күндөн күнгө азайып бара жатат. Калктын саны жана экономика өсүп суу ого бетер көп керек боло берет. Кээ бир өлкөлөрдүн калкы да экономикасы да тез өсүп, алар сууну көп талап кылышат.

Ошентип суу экономикалык гана эмес, геосаясий ресурска айланып бара жатат. Региондо суунун башаты Кыргызстан менен Тажикстан болуп, бирок суунун негизинен калкы да көп экономикасы да чоң Казакстан менен Өзбекстан пайдаланышат. Климат ысып суу азайса “келе дагы суу бер” деп ал эки өлкө айтаары белгилүү. Ошентип өлкөлөрдүн улуттук кызыкчылыгы менен региондук кызыкчылык, тилекке каршы, дал келе бербейт.

“Өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат” деген татаал кырдаалдан чыкса болобу?",-деди элчи.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости