www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз саясатында “эски малдын көзүндөй болгон”, “жети жыл мурун жөргөлөп кеткен жөргөмүштүн изин билген” Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Германиядагы сапарына байланыштуу пост жазып, Маматалиев да, өзү да 45 жашында парламенттин башына келгенин белгилеп: “Курагыбыз бир болгон менен, биз эки башка тарыхый доордо, эки башка саясий кырдаалда шайландык. Мен «удачный госперевороттон» кийин шайлансам, Марлен «неудачный госперевороттон» кийин шайланды”, – деп жазганы талаш-тартыштын чордонуна түштү.

Ал бул билдирүүсү аркылуу өлкөдө соңку айларда болуп өткөн окуяларды “ийгиликсиз мамлекеттик төңкөрүш” деп атады. Бир караганда бул жөн гана саясий баа сыяктуу угулушу мүмкүн. Бирок сөздүн төркүнүнө үңүлсөк, жоопкерчиликсиз жана куйтулук менен айтылган өтө кооптуу коңгуроонун үнү угулат.
Эң оболу, “төңкөрүш” деген түшүнүккө токтолсок, бул катардагы жөнөкөй публицистикалык метафора эмес, оор кылмыштан кабар берген көрүнүш. Мыйзамда так аныкталган, конкреттүү берене менен каралган мамлекеттик деңгээлдеги коркунуч. Андай айып расмий тергөө, далил жана соттун чечими менен гана коюлат. Азыркы шартта эч бир расмий орган “төңкөрүш болгон” деп юридикалык баа бере элек. Демек, дасыккан саясатчы, дипломат деңгээлиндеги адамдын мындай сөздү колдонушу атайылап коомду адаштырууга багытталган, зээриккенден айтылган тамаша эмес. “Күлгөндүн билгени бар” дегендей, анын жыландын башын кылтыйтып жатканын уйкусунан чочуп ойгонуп түшүн айтып жаткандай жорук катары баалоого болбойт. Тамтаңдап айтса да, тамашалап айтса да, же бир сырды билип ачык айтпай куйтулунып жатса да, айтылган сөз – атылган ок. Миң актанып, башкача түс берүү аракетин көргөнү өтпөйт.

Текебаев ким? Ээн ооз жөнөкөй блогер, жоопкерчиликсиз активист эмес. Ал – Кыргызстандын Германиядагы бакыйган элчиси. Башкача айтканда, мамлекеттин жүзү. Ушундай кызматта отурган адам ар бир сөзүн таразалап, ар бир терминдин салмагын билип сүйлөшү керек. Анын билдирүүсү коомго күмөн, имиш, божомол деңгээлинде каралбашы керек. Ал мыйзам алкагында юридикалык-укуктук, саясий баа бере тургандай түшүнүктү жайылтып жатат.

Бул жерде эң кызыгы – Текебаевдин позициясынын эки жүздүүлүгү. Кечээ эле саясий процесстердин чордону болгон, айрым күчтөрдүн устаты, багыт берүүчүсү катары таанылган адам бүгүн минтип четке чыгып алып, “ийгиликсиз төңкөрүш” деп акыл үйрөтүп отурат. Кимге? Кечээ өзүнүн жанында жүргөндөргөбү?

Мындай учурда логикалык суроо жаралат? Эгер чындап эле төңкөрүш аракетин Текебаев билген болсо, анда эмнеге бүгүнкү күнгө чейин тиешелүү органдарга кайрылган жок? Коомду бөлүп-жарган, адамдарды шектендирген, саясий чыңалууну күчөткөн билдирүү кандай максатта жасалды? Мындай сөздөр “кумаранын оозун ачып, жинди чыгарып” жибергендей эффект берет.

Андан да кооптуусу, бул сөздөрдүн артында куйтулук жыттанып турат. Бир жагынан өзүн актап, “мен болгону баа бердим” дегендей позиция кармоо. Экинчи жагынан кыйыр түрдө айрым күчтөрдү күнөөлүү кылып көрсөтүү. Үчүнчү жагынан “жоопкерчилик болушу керек” деген добулбас кагуу. Бул чынында өтө кооптуу саясий оюн жыттанат. Текебаевдей тажрыйбалуу саясатчы мындай кадамдын кесепетин жакшы түшүнөт.

Демек, бул жөнөкөй жаңылыштык эмес. Бул эсептелген жүрүш. Бул жүрүш кимге каршы? Же кимди коргоо үчүн, же кимди отко салып берүү үчүн? Айтор, Текебаев бул кылыгы аркылуу кимдин колу менен чок кармап, оюн кылып жатат? Мындай “саясий терминдер менен ойноо” опурталдуу. Туруксуздукка дал ушундай “иттин өлүгү жыттанган” куйтулук жол ачат.

Андыктан, Текебаев “ийгиликсиз мамлекеттик төңкөрүш” аракетин кимдер тарабынан уюштурулганын ачык айтып, укуктук талаада далилдеп, мамлекеттик тергөө органдарына жардам бериши милдет. Анын айткандары чагымчыл мүнөздөгү саясий билдирүү катары абада асылып калбашы керек.

Алмазбек Темир уулу

Последние новости