www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Текебаевге кечээ күнү жасалган чабуул – мындан бир жарым жыл мурда 8-март күнү аялдар маршын беткап кийген жигиттер таратканга жана мындан бир жыл мурдагы октябрь окуялары учурунда бийликти колдогон митингчилердин аракеттерине окшош. Анын артында – кайсы болбосун маселени, саясий маселелерди дагы күч же опуза аркылуу чечип койсо болот деген ой жатат.

Мындай кол салуу – анын катышуучулары эч качан жазаланбайт, аларды эч ким издебей да коюшу мүмкүн деген ишеничке негизделет. Мындай мүнөз бийликке советтик мезгилден бери таандык – коомдун талаптарын бийлик тааныбайт, пайда болгон нааразычылыкка жооп бербейт жана өзүн эч нерсе болбогонсуп алып жүрөт.

Эгер бийликтин ою түз болсо, кол салган жигиттерди таап, алардын ысымдарын атап, уюштуруучуларды дагы жазалаш керек. Бийликтеги айрым адамдар – бул чагымчылдык дейт. Андай болсо – ошол чагымчыларды тапкыла. Таба албасаңар, анда коом – бул кол салууга бийликтин тиешеси бар деп кала берет.

Последние новости