www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Технологиялык белгилердин маанисин билчү белеңиз?

Технологиянын өнүккөн заманында биз көрүп эле эмне экенин дароо түшүнгөн түрдүү нерселер пайда болду. Алардын катарында технологиялык белгилер турат. Күнүмдүк жашоодо тынымсыз каршыбызга чыгуучу бул белгилер кайдан, кантип келип калды? Ар бир нерсенин жаралуу тарыхы болот эмеспи, анын сыңары алардын келип чыгуу тарыхы кызыктырбай койбойт. Алдыда дал ушулар тууралуу сөз болмокчу.

1. USB

22 жыл мурда пайда болуп, маалымат алмашуунун эң кеңири тараган формасы катары билинген USB, англис тилиндеги “Universal Serial Busтын”(универсалдуу серия жолу) кыскартылып берилиши. Ал үч жолго бөлүнүүчү бир линия символунан турат. Ар бир линиянын учунда квадрат, тегерек жана жебе формалары бар.

USB символу грек мифологиясындагы Посейдон найзасын элестетет. Ал эми анын учундагы 3 башка белги USB технологиясынын түрдүү инструменттерди бири-бирине байланыштыра алуучу артыкчылыгын түшүндүрөт.

 

https://image.piri.net/resim/imagecrop/2018/07/18/12/10/resized_046e7-77526585bachmannusb30aaanschlusskabel3m918082gedrehtbelegt.jpg

2. Bluetooth

Уюлдук телефон аркылуу жашообузга кирген Bluetooth технологиясы кабелсиз байланыш үчүн стандарттуу элементке айланды. Белгинин келип чыгышы Викингдерге барып такалат.

Дания менен Норвегиянын падышасы катары 10-кылымда бийлик жүргүзгөн Көк тиш (Bluetooth) Биринчи Харальд Скандинавияны бириктирген башчы катары белгилүү. Bluetooth технологиясы дагы Харальд сыяктуу бириктирүүчү өзгөчөлүккө ээ, ал эми ысымы Викингдер менен байланыштырылат. Белгинин логотиби дагы Харальддын аты жана лакабынын баш тамгаларынын руникалык тамга менен жазылуусуна окшош.

https://image.piri.net/resim/imagecrop/2018/07/18/12/11/resized_a8675-375ba4fdmaxresdefault.jpg

3. Өчүрүү, күйгүзүү белгилери

1970-жылдардан азыркыга чейин бардык электрондук техникада өчүрүп, күйгүзүүчү белги жарым шакекче жана узунан келген таякча менен бирге колдонулуп келет.  Бул символ негизи эки белгинин биригүүсүнөн турат.

Ачуу белгисиндеги таякча 1ди түшүндүрсө, өчүрүү символундагы шакекче “нөлдү” элестетет. Эки символ 1973-жылдан тартып чогуу колдонула баштаган.

https://image.piri.net/resim/imagecrop/2018/07/18/12/13/resized_f7f27-4e4ed58ejdmspoweronoffbuttonjdmdecal.jpg

4. Пауза белгиси

Эки вертикалык сызыктан турган токтотуу белгиси электрондук техникалардагы эң көп таралган белгилердин катарына кирет. Айрыкча музыкалык программаларда колдонулуп, нотадагы “цезура” белгисин түшүндүрөт.

https://image.piri.net/resim/imagecrop/2018/07/18/12/15/resized_383c7-15870924circledpause.jpg

5. Хэштег

Учурда социалдык тармактарда эң көп каршыбызга чыккан хештегдин тарыхы антикалык Римге чейин жетет.

Салмактын бирдиги аталган “Libra Pondo” символу Римде ℔ деп, б.а. Libra жана Pondo сөздөрүнүн баш тамгаларынан түзүлгөн. Англис тилиндеги “I” тамгасы 1 менен алмашып кетпеси үчүн ортодон бир сызык кошулган деп айтылат.

19-кылымда жөнөкөйлөтүлүп, кийинчерээк Twitter менен бирге “хэштег” катары сөздөрдүн алдына колдонула баштаган.

https://image.piri.net/resim/imagecrop/2018/07/18/12/16/resized_38fa2-bf655987hashtagrant.jpg

6. @ белгиси

Электрондук почта адреси үчүн колдонуп жүргөн  “@” белгиси мурда салмак бирдиги катары колдонулган.

Испанияда салмак бирдиги деп эсептелген “Arrobaнын” кыскартылган түрү катары колдонулган белги 16-кылымда соодо-сатык каттарында, жазууларда кездешкен.

Кийинчерээк жер каттоо белгиси катары дагы  колдонулган. Ал эми электрондук почтадагы @  символу почта адреси катталган кызмат көрсөтүүчүдөн кабар берет.

https://image.piri.net/resim/imagecrop/2018/07/18/12/18/resized_6cd8b-f22ad30c%EF%BC%A0%E7%99%BD%E5%9C%B0%E7%B7%91%E6%96%87%E5%AD%97.jpg

Булак: NazarNews.kg

Последние новости