www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Telegram эми IP-даректерди ачыктай баштайт

Telegram корпорациясы платформанын эрежелерин бузган колдонуучулардын IP-даректерин жана телефон номерлерин укук коргоо органдарына өткөрүп берерин билдирди.

Telegramдын негиздөөчүсү Павел Дуров Францияда тергөөдө жүрүп, мессенжерди колдонуу эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилгенин ырастады.

Буга чейин Telegram жеке маалыматтарды терроризмге шектелген учурларда гана ачыкка чыгарган. Бул эми кылмыштуу иш боюнча сот ордер берген учурларда да мүмкүн болот. Павел Дуров белгилегендей, мессенжер өз эрежелерин жаңыртып, модераторлор жасалма интеллектти колдонуу менен зыяндуу контенттерди тазалап чыгышты.

Дуров колдонуучуларды коргоо жана платформада коопсуздукту камсыздоо үчүн бийлик менен кызматташууга убада берди. Эми Telegramдын ачыктыгы тууралуу отчет жылына эки жолу эмес, төрт жолу жарыяланат.

Орусияныкынан тышкары Франциянын, Бириккен Араб Эмирликтеринин, жана Сент-Китс жана Невис федерациясынын жарандыгына ээ Павел Дуров өзү Францияда август айынан бери тергөө алдында. Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. Француз бийлиги Дуровду жашы жете электер аралашкан порнография, маңзаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана алдамчылык кылмыштары тууралуу маалыматты полициянын жана атайын кызматтын талабы боюнча ачыктоодон баш тарткан деген мазмундагы бир нече кылмышка айыптоодо.

Последние новости