www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Telegram тыюу салынган стикерлерди өчүрүүдөн баш тартканы үчүн 4 млн рубль айыпка жыгылышы мүмкүн

Мындай жаза РФнын Административдик кодексинин 13.41-беренесинде каралган.

Эгерде Telegram мессенджери тыюу салынган стикерлерди өчүрүүдөн баш тартса, 4 миллион рублга чейин айыпка жыгылышы мүмкүн. Бул тууралуу Роскомнадзордун басма сөз кызматы ТАСС агенттигине билдирди.

«Тыюу салынган маалыматтарды өчүрбөгөнү үчүн Административдик кодекстин 13.41-беренесине ылайык жоопкерчилик каралган. Юридикалык жактар үчүн айыптын өлчөмү 4 млн рублга чейин жетет. Роскомнадзор буга чейин да Telegram мессенджерин бул берененин негизинде жоопкерчиликке тарткан», – деп билдирди мекеме.

Роскомнадзордун маалыматына караганда, компанияга салынган жалпы айыптын суммасы 94,5 млн рублди түзөт.

Буга чейин Киров облусунун Зуев райондук соту Telegram мессенджеринде нацисттик сүрөттөр камтылган эки топтомдогу стикерлерди таратууга тыюу салган. Роскомнадзор Telegram'га бул стикерлерди өчүрүү боюнча талап жөнөткөн.

Последние новости