www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров 100дөн ашык баланын биологиялык атасы экенин 29-июлда Telegram’дагы каналында жазды.

«Мага жаңы эле 100дөн ашык биологиялык балам бар экенин айтышты. Эч качан үйлөнбөгөн жана жалгыз жашаганды жактырган жигит үчүн кандайча мындай болушу мүмкүн?» деп жазды Дуров.

Анын айтымында, 15 жыл мурун досу ага өзгөчө өтүнүч менен кайрылган. Ал аялы экөө балалуу боло албастыгын айтып, балалуу болуш үчүн клиникада урук донору болууну суранган. Дуров адегенде муну тамаша катары кабыл алган, бирок кийин анын досу олуттуу нерсени айтып жатканын түшүнгөн. 

Клиниканын жетекчиси ага жогорку сапаттагы донордук материал жетишсиз экенин айтып, анонимдүү түрдө түгөйлөргө жардам берүү жарандык милдет экенин айткан. Дуров анын донордук материалы 12 өлкөдөгү 100дөн ашык түгөйлөргө балалуу болууга жардам бергенин тактады.

Последние новости