www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Telegram, мессенджердин негиздөөчүсү Павел Дуров Францияда кармалганын LCI телеканалы билдирди.

LCI билдиргендей, Дуров 24-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00 (Москва убактысы боюнча 21:00) чамасында «Ле-Бурже» аэропортунда кармалган.

Ишкер Францияга Азербайжандан келген. Анын жанында бир аял жана жансакчысы болгон.

2021-жылдын ноябрында Франциянын расмий журналы «Journal Officiel» Дуров ошол эле жылдын август айында республиканын жарандыгын алганын жазган.

Дуров телеграмда көзөмөлдү жоготкону үчүн, укук коргоо органдары менен кызматташпай мыйзамсыздыкка жол ачканы үчүн айыпталып жатканын, баңгизаттарды таратууга, балдар порнографиясынын жайылышына, алдамчылыкка шериктеш болгон деген негиз менен издөөгө алынганын француз телеканалы TF1 билдирди.

Француз маалымат каражаттары Дуровдун орустан тышкары француз жарандыгы бар экенин жазышууда. Алардын айтымында, ал издөөдө экенин билип, Францияга баруудан качкан. Бул жолу эмне үчүн келгенин маалымат булактары түшүнбөй жатат.

Telegram Павел Дуровдун кармалышы боюнча маалыматка комментарий бере элек.

Последние новости