www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Олигарх министрлерден тажашты окшойт, азыр жансакчы, мал сакчы полковник Уландарды генералдардын үстүнөн каратып койчу болду. «Телохранитель» Улан Исраилов, президент муштагыласа үн каткыс Кашкар, эми дагы Улан.

Абды Суталинов – Мурат Суталиновдун атасы катары тарыхта калды.

Темирбек Акматалиев - Акаевдин кеминдик иниси экономист «бухарик» тоюз «Бухарин» Темикең «ИИМди экономисттин көз карашы менен кароо үчүн» баргандай.

Бакирдин Субанбеков ( 2002-2005) – Кара-Балта шаарынын пивзаводун министрлигине таянып «приватташтырып» Кытайдын «Джунда» мунайзат кайра иштеттүү заводуна 3 миллион долларга сатып алууну сунуш кылган. Кытайлыктар муну угуп шок болушканы менен Субанбеков өз сөзүнө бекем турган.

Мурат Суталинов (2005 -2006); Акаевдин бир күндүк Башкы прокурору, Бакиевдин ИИМ министри 2006-жылы ноябрда билегинин «уятсыздыгын» салмактап КГБга кеткен.

Көтани - 2016-жылы ноябрда жанында кошо жүргөндөрдү сатып, министр болгон. Ошол жылы эле декабрдын аягында кызматынан кетип, Кулов менен биригип «Бириккен, фронтту» түзгөн.

Болотбек Ногойбаев (2007 -2008); 2007-жылы апрелде элдин демин басып, той берген өкмөт башчысынын министри. Оппозициянын ойронун чыгарып, өзү да жок болгон.

Молдомуса Конгантиев (2008-январь -2010-апрель); Таласка оппозициянын митингин басуу үчүн барып, талас элинин «кол эмгекчилигин» ааламга тааныткан.

Болот Шерниязов (2010-жылы); Таласта элдик көтөрүлүштүн башында турган. Бийлик анын башына кап кийгизип келип, УКМК СИЗОсуна камаган. Учурунда генералдык чоң наамдан баш тарткан биринчи кыргыз!

Кубат Байболов (2010-жылы) Эң оор кырдаалдарда ИИМди жетектеген. Ал Ош коогалаңы башталып калган 12-июнь күнү УКМКга «зам» болуп, Жалал-Абадга комендант катары жөнөтүлгөн. Андан соң ИИМ толугу менен ага жүктөлгөн.

Зарылбек Рысалиев (2010 -2012) Атамбаевдин «любимчик» министри, ал оңду сүйлөсө, оңду карап сүйлөп, солду караса, солду карап сүйлөп жүрүп «борттон» ары ыргытылган.

Шамиль Атаханов (2012- жылы) Аны мазактап ары-бери калчап жүрүп, көрүнгөн кызматты берип жүрүп, Азиз Батукаев менен кошо жоготкон.

Абдылда Суранчиев (2012 – 2014) Бул министрди «дудукка» айлантып, үстүнөн «тон бычып» калган.

Мелис Турганбаев (2014-2016) Акмат Бакиевди колго түшүрүп, бошотуу үчүн миллиондогон доллардан баш тартканы үчүн, андан өч алгысы келгендер «каралап» жатыр. Бирок оңой менен моюн бербейт. Анткени, бышкан.

Кашкар Жунушалиев - 2016-жылы бир аз турду. Атамбаев муштагыласа да генералдардын алдында туруп бергени бар. Ага караганда Атаханов айтыша кеткен.

Улан Исраилов – 2016-2018-жыл, Атамбаевдин «телохранители»;

Кашкар Жунушалиев - 2018-жылдан баштап - 2020-жылга чейин.

Улан Ниязбеков - 2020-жылдан баштап.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков бүгүн, 22-февралда коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө иштерди күчөтүү, милициянын көчмө кабылдамаларынын иши жана ыкчам кызматтык ишмердигинин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылышы боюнча ИИОнун бардык бөлүктөрүн камтыган онлайн кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын жетекчилери катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, онлайн кеңешме учурунда өлкөнүн бардык аймагында коомдук коопсуздукту бекемдөө жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча тапшырмалар коюлду. «ИИМ башчысы коомдук тартип сактоонун бардык жагдайларына токтолду. Коомдо резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачуу, иликтөө, кылмыштар жана жоруктар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин мыйзам чегинде тергөө, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү бардык багыттар боюнча ыкчам-иликтөөлөрдү улантуу тапшырмаларын койду. Милициянын көчмө кабылдамаларынын ишин күчөтүү, жер-жерлерден ИИОнун башчылары түздөн-түз өздөрү катышып, элдин суроо талаптарын угуп, аны өз убагында чечүү маселелерин күчөтүүнү талап кылды. Ошондой эле, ички иштер органдарынын ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруудагы басма сөз кызматтарынын ишмердүүлүгү дагы каралды», - деп айтылат маалыматта.

«Биз коомдук тартипти, жарандардын жана коомдун коопсуздугун камсыздоо багытын күчөтүүбүз керек. Милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо багытында профилактикалык иштерди күчөтүүсү зарыл. Катталган кылмыштардын жана жоруктардын бетин ачуу, анын ичинде оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча иштерди сапаттуу жүргүзүү жана өз убагында сот органдарына жиберүү керек. Милициянын көчмө кабылдамалары мал базар күндөрү Кыргызстандын мал базарларында да өз ишмердүүлүгүн жүргүзүшү керек. Мал уурулуктун алдын алуу, мал базарлардагы ар кандай укук бузууларга жол бербөө, ыкчам иштерди жүргүзүү, мал уурулуктардын бетин ачуу иш-чараларын күчөтүүсү керектигин баса белгилеймин», - деди Улан Ниязбеков. ИИМ онлайн кеңешмени коомдук тартип чөйрөсүндөгү маанилүү маселелерди талкулоо жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн убакты шартына жараша өткөрүп турат.Аталган онлайн кеңешменин жыйынтыгы менен да милициянын мындан аркы ишмердүүлүгүнө байланыштуу кошумча иш пландар иштелип жана аны иш жүзүнө ашыруу боюнча уюштуруучулук чечимдер кабыл алынат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости