www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Техаска капыстан түшкөн катуу суук миллиондогон америкалыктардын башына балээ болуп тийди. Аба ырайы адатта жылуу болуп келген түштүктөгү штатта өткөн жумада температура -20 градуска чейин түштү.

Аймакта күн мынчалык акыркы 30 жылдан бери сууктай элек болчу. Элдин баары жылыткычтарын иштеткендиктен энергетикалык система иштен чыгып, миллиондогон жарандар жылуулуксуз калган.

Кризистин кесепетинен түтүктөр жарылып суу тартыштыгы жаралды. Мындан улам ажатканалардын багын толтуруу үчүн жарандар карды эритип жатышат.

Штаттын жашоочулары сууктун айынан тоңгон үйлөрүнүн шыбынан суу кирип, турак үйлөрү жарактан чыккан видеолорду соцтармакка жарыялшууда.

Айрым кадрлардан үйдөгү эмеректер, техника бузулганын, жашоочулар көргөн көзүнө ишенбей ыйлап жатканын көрүүгө болот.

Акыркы маалыматтар боюнча 14-февралдан бери сууктан 60 киши жабыркады. Түзүлгөн кырдаалдан улам президент Жо Байден өзгөчө кырдаал режимин киргизди.
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости