www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 18-февраль күнү ички иштер органдарына Ош облусунун Араван районунун жашоочусу (аял киши) кайрылып, райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматчысынын укукка каршы аракеттери боюнча  тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Арызында  райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматчысы жашы жете электи зордуктоо фактысы боюнча корутундуну берүү үчүн акча каражатын талап кылып жаткандыгы маалымдалган.  Баштапкы  1100 акча каражатын алган соң, ал дагы 3000 сом кошумча акча каражатын берүүнү талап кылган. 

Аталган факты КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы  (Ош шаары)  Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 238-беренеси (Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу) боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган. 

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшүп, анын жүрүшүндө акчаны накталай алып жаткан фактыны видеого тартып алышкан. 
Жабырлануучунун туугандары менен жолугушууга Араван районунун соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматчысы  К.С. өзүнүн таанышын жөнөткөнүн белгилеп кетүү керек. 

Сый акыны мыйзамсыз алган соң ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын  кызматкерлери экөөнү тең кармашкан.  Жогоруда аты аталган соттук-медициналык эксперт  мурда дагы ушундай укукка каршы аракети үчүн жоопкерчиликке тартылгандыгын кошумча билдиребиз.
Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости