www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Темир Сариев тескери баскандарды кызматтан четтетти

Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев палатанын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет   кармаган кызматкерлери тергөө аяктаганга чейин кызматтан убактылуу четтетилгенин билдирди. Бул тууралуу ал 17-ноябрда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Темир Сариев экспортко чыккан товарларга мыйзамсыз сертификат берген деп шек саналып жаткан Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош облустук бөлүмдөрүнүн кызматтан четтетилген жетекчилери 2021-2022-жылдардагы иштерге байланыштуу кармалганын кошумчалады. Анын маалыматына караганда, мыйзамсыз иштерди алдын алуу үчүн сертификаттарды берүүнүн жол-жобосуна өзгөртүү киргизилген.

Атайын кызмат 17-ноябрда Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилери (Б.Э.Ю. жана П.К.) экспорттолуучу товарларга мыйзамсыз сертификат берип, айрым ишканаларга салыктан качууга шарт түзүп берген деген шек менен кармалганын кабарлаган.

УКМК маалымдагандай, алар көмүр экспорттогон ишканаларга кымбат көмүрдү “арзан” деп сыпаттаган сертификат берип турган. Бул кызматы үчүн ал ишканалардан акчалай сыйлык алышкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости