www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүү үчүн соодадагы негизги тоскоолдуктарды жоюу жана бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл.

Бул тууралуу Кыргыз-Россия Ишкерлер кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев билдирди.

Ал соода тармагындагы негизги көйгөйлөр катары бюрократиялык тоскоолдуктарды, техникалык регламенттердеги айырмачылыктарды жана чек арадагы кечигүүлөрдү атады. Анын айтымында, бул факторлор ишкерлерге кошумча чыгым жаратып, айрым товарлардын сапатына таасирин тийгизүүдө.

Ошондой эле Темир Сариев маркетплейстердин логистикалык тобокелдиктерине токтолду. Ал Россиядагы ири логистикалык борборлордо болгон өзгөчө кырдаалдар кыргызстандык өндүрүүчүлөргө да түз таасир берип жатканын белгиледи.

Ушуга байланыштуу КР Соода-өнөр жай палатасынын башчысы сыяктуу ири маркетплейстердин логистикалык кампаларынын бир бөлүгүн Кыргызстандын аймагына жайгаштырууну сунуштады.

«Маркетплейстердин логистикалык кубаттуулуктарын Кыргызстанда жайгаштыруу — бул жөн гана экономикалык маселе эмес, тобокелдиктерди азайтуу. Товар бир гана ири түйүндө сакталбашы керек», — деди Темир Сариев.

Анын пикиринде, мындай кадам ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, соода байланыштарын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Последние новости