www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салмагың кандай саясатчы? 

Дал ушундай рубриканын негизинде Кыргызстандын саясатында мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бейнеси тууралуу кыскача сүртүмдөрдөн берип туралы дедик. Бул жолку каарманыбыз – Соода өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев. 

Кыргызстандын саясий чөйрөсүндөгү тажрыйбалуу саясатчы Темир Сариев азыр Соода өнөр жай палатасынын башында турат. Министрлик жана премьерлик кызматтан кийин ал учурда ишкердик чөйрөгө ыңгайлашып, бизнес менен мамлекеттик кызыкчылыктардын ортосундагы көпүрөнү түзүүгө аракет кылууда.

Палата жетекчиси катары Сариев эл аралык байланыштарды бекемдеп, туризм, курулуш жана чакан бизнести колдоо менен Кыргызстанды инвестиция тартуучу өлкө катары көрсөтүүнү көздөгөн милдетти аркалайт. Бирок коомдо анын ишине ичи чыкпагандар арбын. Буга ишинин натыйжасы жоктугу, көзгө көрүнөрлүк майнап чыгара электиги себеп. 

Айтмакчы, бир кездеги бакылдап саясий лидер катары көрүнгүсү келген дымагы азыр байкалбайт. Азоону чүлүктөп жоошуткандай тынчыды. Кыял көрсөткөн доору өттү көрүнөт. Болбосо мансап кургуруң булбулдай сайрагандарын тилин катырып коёбу, айтып болбойт.

Последние новости