www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги “Мекен Ынтымагы” партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков менен аны алдап кетти деген кептер боюнча ой бөлүштүк.

--Темирбек мырза, эмнегедир шайлоо жакындаган сайын сизди алдады деген топтун пикирлери, макалалары жарыялана баштайт. Чындыгында  ким кимди алдады эле?

--Жалпы элдин ишенимине татыктуу болуу үчүн саясый туруктуулугуңдун, коомдук маданияттуулуктун жогорку деңгээлин көрсөтө алсаң жыйынтык чыгат. Саясатчынын чыныгы жүзү, убакыт ченемдүү сыноо аркылуу билинет.

Албетте, саясатта ар түрдүү күчтөр бар, аларга биздин саясый салмагыбыздын, коомдук таасирибиздин өсүшү жакпайт. Аргасыздан, ичи тардык кылышып айласы кеткенде, мындан 9-10 жыл мурун эски шайлоо тирешүүлөрүндө таратылган жасалма ушак макалаларды, бизге каршы коомго кайрадан жарыялап жатышат. Тарбия чегинен чыгышып, менин жеке адамдык сапаттарыма да уялбай ыплас ушактарды таратууга өтүштү. Чынын айтсам, азыр кыргыз эли "Айранды үйлөп ичип калышкан" бизди каралайбыз деп жатышып, кайра өздөрүнүн ыймансыз жүздөрүн элге көрсөтүп атышат. Мен Москвадан келип, жаңы саясатка аттанганда эл тааныбай, жалган айтылган саясый ушактарга көпчүлүгү ишенген. Путин жибериптир, Акаев жибериптир, анын кызы 3 миллион доллар бериптир, кыргызча сүйлөгөндү билбейт экен деген ар түрдүү ушактарды таратышкан. 

--Пикир келишпестик эмнеден келип чыккан? Азыр ал кишилер менен мамилеңиз кандай?

--Саясатта ар ким өзүнүн түшүнүгү, билими, тарбия деңгээлине жараша максат коюп шайлоого аттанат. Чыныгы саясый партиянын түптөлүүсүнө да убакыт талап кылынат экен. 

Адамдын ким экенин, турмуштун ысык суугун бирге башыңан өткөргөндө билет экенсиң. Шайлоо бүтөөр менен көпчүлүгү өзүнүн жеке көздөгөн көр оокат маселесин талап кылып, мага таарынычтарын милдет кыла башташты. Өзүм, чет өлкөдө темселеп жүрүп тапкан миллиондогон каражатымды республикалык деңгээлдеги шайлоо сыноосуна коротуп, келечекте партияны сактап калууну ойлоп жатсам, ар кимиси өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлоп гана шайлоого аралашкандары билинип калды. Мына ушул маселе  партиянын ичинде түшүнбөстүктөрдү жаратып, жеке маселесин көздөгөн адамдар, коом арасында жалган маалыматтарды таратышып, мени каралоо  аракеттерин жасашты. Бирок мен аларга таарыныч кармабадым. Турмуш азабынан кыйналышып, өздөрүнүн  адамдык сапаттарын тебелешип, амалдуу ыкмаларга мажбур болуп жаткандарын көрүп боорум ооруду. Алар мени алдады деп да айта албайм, турмуш азабынан кысталган жердештерим, ошол саясий кырдаалды жана менин акча каражаттарымды колдонуп, көр оокаттык маселелерин чечүүгө аракет кылышкан. Мен алардын үмүтүн актабай койгондугум үчүн ызаланышып кызуу кандуулукка алдырып жиберишти. Албетте, баарын убакыт өз ордуна коёт дегендей  өзүм эч кимисин каралабай, сын такпай татыктуу, сабырдуу жүрүүгө аракет кылдым. Азыркы күнү көпчүлүгү менен мамилем түз, капыстан жолугуп калсам жылуу саламдашууга аракет кылам. Таарынган, ушактарга ишенген адамдар да бар, бул маселе да эртели кеч чечилээрине көзүм жетип турат. Эң негизгиси саясый жетекчилик милдетимди, жоопкерчилигимди моюнума алып, баарысы менен тил табышууга аракет кылам. Анткени,  менин башка элим жок, жаман жакшысына карабай туура мамиле кылып тарбияласам, кыргыз элибиздин ынтымагы күчөп, эл аралык деңгээлдеги кадыр-барктуу мамлекетибизди биргелешип түптөйбүз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости