www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Темирбек Токтогазиев: Дастан мырза, «Манас жаңырыгы» сыналгыда сиз менен 16 сааттык маегибиз бар экен. Бул маектерде, негизинен, улуттук дөөлөткө тиешелүү ар кыл суроолор чагылдырылыптыр. Эми, бул маегибизди тарыхтан баштасак. 2018-жылы басмадан чыккан «Горы и высокогорье – колыбель человечества» аттуу китебиңиз илимий чөйрөгө багытталып, аны түшүнүп, кабыл алуу кесиптүү билим, атайын даярдыкты талап кылат экен. Маегибиз окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган соң, илимий тереңдикти козгобой, кыска жана жөнөкөй түшүнүктөр менен жооп берсеңиз.
-Эң байыркы доордо, 150 – 200 миң жыл илгери, бабаларыбыздын алгачкы жашоо шарты, анын калыптанышы жөнүндө илим эмне дейт?
-Чыгаан тарыхчы, залкар окумуштуу Анвар Байтур байыркы бабаларыбыз Батыш Сибирь, Алтай тоолорунда, Эне Сай дарыянын башкы агымында, Тянь-Шань тоолорунда жашаганын баса белгилейт. Кыргызга таандык жер-суу аттарын (топоним, гидронимдер) бир да талаа, түз жерлерде таппайсың: баары тоо же бийик тоолордо, кээде – тоо этектеринен жолуктурасың. Демек, 150 – 200 миң жыл кыргыз эли тоо жана бийик тоолуу шартта өмүр сүргөн. Бул өтө маанилүү жагдай, буга илимпоздор да, кыргыз өзү да баа бербей келатат. Ал эми антропосоциогенез илими, Дарвиндин “табыгый тандоо” («естественный отбор») теориясы алкагында караганда, тоо жана бийик тоолуу шартта жашоо өтө маанилүү өзгөчөлүктөрдү өзүнө камтыйт дейт.
-Бул жөнүндө бир дагы илимий китеп же макаланы кезиктирбептирмин.
-Мунун себеби түшүнүктүү. XIX, XX кылымдарда жашаган илимпоз-окумуштуулардын бири да тоо шартында жашап көргөн эмес, анын өзгөчөлүгүнөн кабары да жок.
Эми даректүү сөзгө өтөлүк.
Биринчи. Адамдын пайда болуу, калыптануу, өнүгүүсү 50 миллион жыл бою тынбай жүрүп келген мутация жана табыгый тандоо аркылуу болуп келгенин малекулярдык биология илими талашсыз далилдеди. (Мазмунун толук берүү максатында бир нече сүйлөмдү расмий – илимий тилде берип, 2018-жылы басмадан чыккан «Горы и высокогорье – колыбель человечества» деген китептен үзүндүлөрдү келтирейин. Сарыгулов Д.И., Бишкек, 2018-ж.):
«В горах и высокогорье условия естественного отбора более жесткие и интенсивные, чем в лесу, саванне, степи или равнине.
Факторы, приводящие к интенсивной мутации, более мощные и многочисленные. Это гипоксия, гравитация, суточные и сезонные колебания температуры, частые перепады атмосферного давления и влажности воздуха, повышенные радиация и электромагнитные поля из-за месторождений урана, железа, меди и др. металлов, более сильные космические излучения и солнечная радиация, сухость климата, повышенная сейсмическая активность, создающие в совокупности экстремальные условия для обитания человека.
Доля растительной пищи в рационе питания в условиях с жарким и теплым климатом составляла 60 – 80 %. Собирательство давало большую часть пищи. В горных условиях из-за бедного почвенного слоя, резкоконтинентального и сухого климата растительная пища составляла лишь 20 – 40 % рациона питания, остальная часть вынужденно составляло мясо, что приводило к доминированию охоты.” стр. 13.
«Охота в горах требовала не только большей организованности, сплоченности, коллективизма, но и больших затрат энергии, чем собирательство. В сравнении с собирательством, охота могла быть успешной при лучшем социогенезе (солидарность, взаимовыручка, справедливое распределение и потребление мяса, забота о стариках и детях и т.д.) жизнь в горах способствовала и физическому развитию – антропогенезу.
В горной прохладе лучше сохраняется добыча охотников, что создает условия для стабильного потребления мяса, который содержит важнейшие для человеческого организма животные белки и жиры, а это в свою очередь, способствует ускоренному развитию мозга, мышц и скелета» - стр.14.
Бир сөз менен айтканда, көп кырсыктуу, жашоого оор жана татаал тоо шарты көп өлүм-житимге алып келсе да, бирок жамаатташууну, ынтымак-биримдикти, боорукердикти, кайраттуулукту, эрдикти, калыс, адилетти талап кылып социалдык өнүгүүгө адамдарды мажбур кылган. Турмуштун мындай талаптарына жооп бербегендер ачкадан, сууктан, кырсыктан, жырткычтардан, оору-кеселдерден жок болуп, жооп бергендер гана аман калып тукум улаганга жетишкен.
Экинчи. 150 – 200 миң жыл илгери тоо шартында жашаган байыркы бабаларыбыз кышында жылуурак тоо этектерине көчүп, жаз-жай айларында аңчылык кылган эчки-теке, аркар-кулжанын артынан улам бийиктикке көтөрүлүп, жайлоого жетип, күз-кыш айларында кайра тоо этектерине түшүп турган.
Демек, бабаларыбыз көчмөн турмушту эң байыркы доордо эле жакшы өздөштүрүп, анын шарттарына көнгөн.
Үчүнчү. Илгери кандай болсо, ХХ кылымда да көчмөн турмуш материалдык байлык жыйнаганга, ашыкча буюм-тайымдарды алып жүрүүгө жол бербейт. Турмуш өзү, адам мамилелери ачык, жөнөкөй болот. Көчмөн турмуштун табияты буйрук, зордук, зомбулук менен башкарууга жол бербейт, эл өзүн-өзү башкарганга гана алып келет. Социалдык эреже-талаптарды өз ыктыяры менен аткарууну камсыздайт, ар адамды бийик жоопкерчиликке көндүрөт. Калп айткан, чагымчылык кылган, ушак айткандардын жүзүн бат эле ачып койот.
-Тоодо жашоо канча оор түйшүктүү болсо, ошончо ачык жана таза болот турбайбы?
-Жашоо шарттын эреже-талаптары аман калуу мүмкүнчүлүктөрүн ачык жана таза турмуш менен аныктап койгон. Ал табияттын мыйзамдарына төп келген. Бабаларыбыз ошол мыйзамдардын талаптарына шайкеш жашаганга 150 миң жыл аралыкта үйрөнүп, мыйзам талаптарын өз ыктыяры менен кыйшаюсуз аткарып келген.
-Анда урук-тууганчылыкты байыркы бабаларыбыз бери дегенде 100 миң жыл илгери эле кармана баштаган экен да?
-Бул жөнүндө илим минтип айтат (которбой, расмий тилде кандай жазылса, үзүндүнү ошондой келтирейин): «Становление человеческого общества с необходимостью предпологало обуздание, введение в определенные рамки важнейших индивидуалистических потребностей, как пищевая и половая». Ю.В. Бромлей, А.И. Першиц, Ю.И. Семенов «История первобытного общества», Москва, «Наука» 1983 г., стр. 244. “Человеческое общество – первобытная община – возникает вместе с человеческим родом. По крайней мере на заключительном этапе формирование человеческого общества было процессом становления рода. Родство давало больше взаимовыручки, больше и лучше внутрисемейную кооперацию и больше альтруизма. Все это в совокупности обеспечивало лучшую выживаемость и рождаемость вследствие хорошей сплоченности.” – ушул эле китептин 247-бети. Кыргыз санжырасы 72 муунду ажыратып өз аты менен айткан: ар бир муунга 25 жыл бөлсө, 72 муун 1800 жыл тарыхты камтып жатпайбы!
-Кыргыз ХХ кылымга чейин санжырасын, жети атасын так билип, сактап келген. СССР доорунда санжыра элди бөлүп-жарат деген саясат жүрүп, 70 жыл убакытта мунун баары унутула баштаган. Бүгүн доор бөлөк, заман өзгөрүлдү, уруу-тууганчылык керекпи?
-Адамзат кийинки 7 – 10 миң жыл аралыкта улам отурукташып, ири кыштак, шаарларда жашап, уруу-тууганчылык байланыштарын жоготуп келди. Буга жашоо шарты өзү себеп болду. Ал эми кыргыз ХХ кылымга чейин көчмөн турмушта жашап, уруу-тууганчылык байланыш аркылуу аман сакталып, тоо шартындагы кыйынчылыктарды жеңип келди. Бүгүн, XXI кылымда, деңиз деңгээлинен 1.5 – 2.5 километр бийиктикте мал чарба менен жашоо кыйла оор! Өзгөчө кыш, жаз мезгилинде бири бирине каралашпаса турмуш түйшүгү өтө азаптуу эмеспи!
-Уруу ынтымагын жок кылуу аракети XIX кылымда падышалык Россия тарабынан башталганы чынбы?
-Кыргыз элинин коомдук жана мамлекеттик түзүлүшүнүн, социалдык турмушунун пайдубалы - уруу-тууганчылык болгон. Ал 100 – 70 миң жыл мезгилинде калыптанып, табияттын мыйзамдарына төп келип, миң жылдар бою өзүн актап, далай апааттан, кара кыргын, кызыл сүргүндөн сактап келген. Аны талкаламайын падышалык Россия өз империялык баскынчылык саясатын ишке ашыра алмак эмес. Совет доорунда да аны талкаламайын большевиктер өз идеологиясын, саясатын, бийлигин орното алмак эмес. Уруу ынтымагы эгемен доордо XIX кылымдагы абалда сакталып турса Үзөңгү-Кууш, Каркыра бөлөк өлкөлөргө берилмек эмес, завод, фабрикалар, колхоз-совхоздор талкаланмак эмес, Акаев үй-бүлөлүк бийлигин орното алмак эмес, бир миллион кыргыз бөлөк жер, бөтөн элге тарап кетмек эмес, Аксы окуясы, март (2005-ж.), апрель (2010-ж.) Ыңкылаптары болмок эмес, алкаш президент алты жылда чакчелекей кылып жети жолу өкмөттү алмаштырмак эмес, төрт миллиард доллар эл казынасына зыян келтирмек эмес… Эң башкысы, уруу-тууганчылык элдик бийликтин, элдин өзүн-өзү башкаруусунун өзөгү, арка-бели жана адилет, акыйкат, калыстыктын кепили болуп келген.
-Адамзаат отурукташып, тоодон түшүп, кыштак, шаарларга жайгашып, жер иштеткенге бир нече миң жыл өтүп, Египет, Рим, Кытай цивилизацияларын жаратканы белгилүү. Эмне себептен ХХ кылымга чейин кыргыз тоолордо көчүп, конуп жүрдү?
-Белгилүү тарыхчы Белек Солтоноев минтип жазат: “Там салышты “тирүүлөй көргө кирет” деп жактырбастан, калаа турмушун “учпас тоок, көчпөс там” деп сүйбөстөн, ылайык көрбөгөн. Аалам ушунча кең болсо, төрт дубалга өзүн эмнеге камап койот – деп таңгалган” (Солтоноев Б., Кызыл кыргыз тарыхы, Бишкек, «Турар» 2017-ж.) – 6-бет.
Маселе кыйла терең. Мал чарба күткөн кыргыз жайытка, жайлоого муктаж болгон. Улам жайыт жаңыртып аргасыздан көчүп конуп көнгөн. Ал эми өтө терең караганда, 100 миң жыл бою көчүп жашаган кыргыз таза суу, таза абага көнүп, табияттын кучагында термелип, ошондон ыракат алып, өзүн бактылуу сезген. Отурукташкан турмушту көрүп, жактырбай, «балаңды бузам десең базарга жибер» - деп кыштактардагы адам мамилелерин өөн көргөн. Миң жылдар бою тоодо жашап көнгөн кыргыз ата-бабалардын мүрзөсүн кантип таштап кетебиз? – деп жер которуудан баш тарткан. Тууган-урук менен ынтымакта өмүр сүргөн кыргыз туугандарынан бөлүнүп кыштак, шаарларга кете алган эмес. Тоо салкынга көнгөн кыргыз шаарлардын аба ырайына «ысык экен» деп чыдаган эмес. Чоң атам тоодон Талас шаарына келгенде тамга жатчу эмес: «Там адамды соруп койот, аба аз, тумчугуп кетем» деп, короого жатып алчу, астына көрпөчөсүн салып, башына ээр токумун жазданып, үстүнө чепкенин жамынып. Жездем аскер кызматында жүрүп, энесине Москваны көрсөтөм деп алып кеткен. Келгенден кийин «Москва кандай экен?» деп сураса, «эмнесин айтайын, түзгө отурган жери да жок экен» деп жооп бергени эсимде ...
-Отурукташкан турмушту көчмөн турмуш менен салыштырып илим эмне дейт?
-Илимий эмгектерден үзүндүлөрдү которбой, кандай жазылса, ошондой келтирейин. Палеогенетика илими минтет: «…Полученные результаты подтвердили теоретические ожидания: оказалось, что у людей, ведущих кочевой охотничье-собирательный образ жизни, носители аллеля ¬ R питаются, в среднем, лучше носителей других аллелей людей, перешедших к оседлости” – стр. 388 (Марков Я. Эволюция человека. Обезьяны, кости и гены., Москва, Астрель, 2011 г., 464 стр.).
“Однако, в целом, образ жизни охотников и собирателей был более комфортным и приятным, чем участь пришедших им на смену земледельцев...” стр. 63.
“Собирательство гарантировало наилучшую для человеческого организма диету. Это неудивительно – ведь именно так человек питался на протяжении тысячелетий и наш организм привык к подобной пище. Судя по окаменевшим костям и скелетам, наши предки не страдали от недоедания или несбалансированного питания и в среднем были выше ростом и крепче своих ближайщих потомков – земледельцев.” – стр. 64. “Земледельцы едят меньше и их набор продуктов чрезвычайно ограничен... Древние собиратели ели десятки самых разнообразных растений, и потому получали все необходимые витамины... Они не погибали от голода в случае неурожая. Земледельцы оказывались на грани вымирания, как только засуха или пожар лишали их урожая...
Инфекционные заболевания представляли для охотников и собирателей меньшую угрозу. Люди начали болеть лишь в результате аграрной революции. Земледельцы жили скученно, в негигиенических условиях плотного заселения, бывшего причиной распространения болезней” – стр. 65.
“Кочевники не знали жесткой ирархии и не стремились никем командовать. Они отличались поразительной шедростью, легко расставались со своим скудным имуществом, не стремились ни к богатству, ни к успеху. Превыше всего в жизни они ценили общение и настоящую дружбу” – стр. 67 (Юваль Ной Харари. Sapiens, Краткая история человечества – перевод с английского, Москва, Синдбад, 2019 г. 512 стр.)
-Бул маселе боюнча тарыхта кандай маалыматтар бар?
-Которбой, кандай жазылса, ошондой үзүндү келтирейин. Вахтин Ю.Б., Панова В.Ф. “Жизнь пророка Мухаммеда”, Ташкент, Навои ЗО, 1991 г., 165 стр. “...два раза в год – весной и осенью – в Мекку приходили женщины окрестных кочевых племен брать детей на воспитание. Удушливый зной Мекки, пыль, грязь и тучи мух губительно действовали на маленьких детей, и у мекканцев, обладавших средним достатком, существовал обычай отдавать новорожденных в семьи кочевников. Когда женщины племени Бану Саад прибыли в Мекку за воспитанниками, никто из них не хотел брать себе маленького Мухаммеда, боясь, что за сироту будут платить мало, и нерегулярно, а в случае, например нового замужества его матери, и вообще не заплатят. Наконец одна из женщин, по имени Халима, на долю которой не досталось никакого другого младенца, стыдясь своих более удачливых товарок и не желая возвращатся с пустыми руками, с разрешения сопровождавшего ее мужа все таки рискнула взять сироту. Так Мухаммед в шестимесячном возрасте расстался со своей юной матерью и примерно на четыре года попал к кочевникам Бану Саад, которые пасли свои стада в горных долинах, километрах за двести к юго-востоку от Мекки. Детей заботливые матери кормили грудью два-три года, что и позволяло им успешно развиваться... Выростали они крепкими, худощавыми, выносливыми, с хорошей осанкой, которая придавала кочевникам горделивый вид, резко отличавший их от жителей замледельческих оазисов и городов; этих склонных к полноте земледельцев и торговцев кочевники искренне презирали. Пребывание Мухаммеда среди племени Бану Саад позволило ему в последствии с гордостью говорить: “я больше араб, чем кто-либо из вас: я курайшит и меня выкормила племя кочевников Бану Саад” - стр. 11, 12.
-Медицина илими бул маселе жөнүндө эмне дейт?
-Кесиби врач, Туркестан губернаторунда аскер кызматын аткарган Зеланд Н.Д. 1885-жылы Санкт-Петербург шаарында “Киргизы. Этнологический очерк” аттуу илимий эмгегин жарыкка чыгарган. Которбой, кандай жазылса ошондой үзүндүлөрдү келтирейин: “Киргизы, как и некоторые первобытные народы, могут долго голодать. Не ев 3 – 4 дня, киргиз еще не ослабевает, скакать целый день натощак ему ничего не значит. Точно также выносит и жажду.” – стр.19;
“Киргизки рожают легче женщин культурных. Благодаря этой легкости, роженица обыкновенно и не остается в постели по окончании родов.” – стр.27;
“Горбатых, кривобоких, ожирелых и т.п. субъектов я у киргизов не встречал” – стр. 35; “Тело киргиза весьма закалено и обладает большим здоровьем и энергией сопротивления, чем тело культурного человека. Температура крови выше, выносливость к холоду, жару, голоду и жажде замечательные, боль и физические страдания выносятся терпеливо.
Замечательная жизненность сказывается при ранениях: значительные раны, даже черепные, часто протекают без лихорадки и исчезновения аппетита, а члены, перерубленные по суставу или по протяжению костей, заживают без дальнейших околичностей. Болезней у киргиз вообще меньше. Зрение, слух и обоняние необыкновенно остры.” – стр. 37;
“Киргизы по грудному соотношению (таблица №3) занимают высокое место. Хорошое развитие груди может решить исхода боя: при штурме крепостей, при штыковых свалках, при кавалерийских атаках и т.д.” – стр.41; “Температура тела заметно выше той, которую в науке принимают за среднюю... это способствует киргизам легко переносить холод. Пульс у измеренных в Пишпеке киргиз оказался в среднем всего 61.8” – стр.54; “Слишком известно, что остротой слуха и зрения киргиз превосходит европейца... они слышат запах дыма на таких расстояниях, что европейцу это кажется волшебством” – ст. 58;
“Чахотка встречается в виде редкого исключения. Проказы нет. Рак попадается, но гораздо реже, чем у культурных народов, эта болезнь встречалась в 20 раз реже”. – стр.62; “Органические болезни сердца редки. Нервные болезни, параличи и прочие редки, душевные болезни еще реже. Каменные болезни и зоб не были наблюдаемы” – ст. 63;
“Киргиз отличается неподдельным добродушием, к числу его похвальных качеств следует отнести: честность, сострадательность, гостеприимство, трезвость и терпение при перенесении страданий, жестокость и мстительность не входят в число характерных черт киргиза” – стр. 66; “Память окружающих предметов, как-то лиц и мест, такова, что человек культуры в этом отношении остается далеко позади киргиза” – стр. 71.
-Көчмөн турмуш жана көчмөндөр көп артыкчылыкка ээ болсо, эмне себептен падышалык Россия, Европа өлкөлөрү кыргызды “өнүкпөй, артта калган, тузем эли” – деп, басынтып, кемсинткен жана бүгүн да теңине албайт?
-Тарыхта байыркы доордон баштап XVI кылымга чейин дүйнө жүзүндө көчмөн цивилизациясы үстөмдүк кылып келген. Атилла, Чыңгызхан, Тамерлан, Осмон империясы буга далил. XVI кылымдан баштап илим, техника, өнөр жай өнүгүп, XVIII кылымда ок атуу, замбирек, пар менен иштеген жабдыктар пайда болду. Алибетте, көчмөн шартта илим, техника, өнөр жай тармактарын мынча өнүктүрүү мүмкүн эмес эле. Анын үстүнө, отурукташкан элдер көчмөн маданиятын терең түшүнбөй, шаар-кыштактарда жашабаган элдерди артта калган, тузем эли деп кабыл алган.
-Бүгүн отурукташкан цивилизация зор ийгиликтерди жаратты: илимдин тармактары, медицина, айыл чарба, өндүрүш, интернет, робот, биоинженерия ж.б. айтсак сан жетпейт. Бул багытта биз түбөлүк артта калганыбызды моюнга алышыбыз керек го…
-Бул чындык. Бирок ойлоно турган, бүткүл адамзатты түйшөлткөн, аны туңгуюкка алып келген бир нече көйгөйлөр бар: - жер жүзүн, бардык деңиздердин, абанын чектен чыккан булганышы жана ага байланышкан түмөн түркүн жаңы ооруулар;
-жалпы адамзат учураган теңсиздик, адилетсиздик;
-дүйнөлүк диндерден, адамкерчилик касиетинен: абийир, уят, намыс, мекен сүйүү, ыйман, адеп,тарбия ж.б. адамды айбандан айрымалаган рухий нарк, салттын баарын жокко чыгарган капитализм, байлыкка тойбой табиятты да талкалаган ачкөздүк, өзүмчүлдүк, кайдыгерлик, кенебестик, наадандык, жырткычтык, айбандык;
-дүйнө өлкөлөрүн, бийлик түзүмдөрүн солк эттирип, титиретип, биологиялык, медициналык, социалдык жана экономика-финансылык кризис алып келген коронавирус апааты.
-Бул көйгөйлөрдү чечүүгө кыргыз салым кошо албайт да...
-Бул көйгөйлөрдүн, кризистердин баары жүрүп отуруп бир түйүнгө чогулат: ал адамзаттын дүйнөтаанымын өзгөртүү, демек, табиятка мамилесин өзгөртүү, адам ким, бул дүйнөдө анын максаты, милдети жана жоопкерчилигин кайра карап чыгуу.
Ушуга байланыштуу 150 миң жыл табият менен эриш-аркак жашап, анын мыйзамдарына баш ийип, жараткандын жолунан чыкпай, дүнүйө-байлыктын кулу болбой, “намыс өлүмдөн өйдө” - деп, аруулукту ыйык туткан кыргыз дөөлөтү пайдалуу болуп калышы толук мүмкүн.
Мамлекеттик кызматтын Биринчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси, профессор Дастан Сарыгуловдон маек алган Темирбек Токтогазиев. «Коронавирус апааты жана Кыргыз Дөөлөтү» китебинен алынды.
Булак: NazarNews.kg