www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

И. Арабаев университетинин доценти, КР билим берүүсүнүн отличниги, Кыргызстан эл чеберлер союзунун мүчөсү, Кыргызстан аялдар Конгрессинин эл аралык маанидеги "Лидер"сыйлыгынын ээси, Нарын облусунун "Ардактуу айымы" сыйлыктарынын ээси Жумабүбү Кайыпова дүйнө салды. Бул тууралуу өкүл баласы Стал Абдыраев билдирди. 

"Айла жок эми кош дейбиз өкүл апа...Дүйнө элин апаатка салган оору сизди айланып өтпөй, бүгүн түбөлүк жайыңызга кетип жатасыз...Жашыңыздан уул- кыздарыңыздын атасы, жубайыңыз Жолдубайдан калып, белиңизди бекем бууп, эрезеге жеткирдиңиз! Далай кыйынчылыктарды башыңыздан өткөрүп, ашкере таланттуу, элинин сүймөнчүктүү уулу, бала кезден баш кошкон Жолдубайдай жардан ажыроо эмне сизге жеңил болду дейсизби?..Баарын сабырдуулук менен жеңип, оорукчан болгон жүрөгүңүздү уучтап алып, эң негизги максатыңыз, балдарыңызды, Жолдубай байкенин аманатын аман-эсен чоңойтуп, үйлөнтүп-жайлап өз ордуна койдуңуз. Жолдубай байкенин бир туугандарына экинчи эне болуп, мээримиңизди төгүп, ата-энесин ардактадыңыз. Эң өкүнүчтүүсү, быйыл бир ай аралыгында Жолдубайынын артынан кеткен Кайып ата менен Салик апанын артынан сиз да кетип калдыңыз. Кош Жумабүбү апа!!! Жерге жагыңыз!!! Жараткан өз мээримине алып, бейишинен орун берсин!!!",- деп Стал Абдыраев билдирүү жазды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости