www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Баскан изине чөп чыкпайт” деген коомдо кескин сын көп айтылып келген Темирболот Абыкеевдин Ала-Бука районуна аким болуп дайындалышы бул талкууларды кайра жандандырды.
Анын буга чейин Кара-Суу районун жетектеп турган учурда коррупцияга байланыштуу кармалганы коомдо чоң резонанс жараткан. Ал өзү бул иш боюнча “кылмыш курамы жок” деп акталганын белгилейт. Бирок коомчулукта баары ачык-айкын мыйзам чегинде териштирилдиби же иш “жең ичинен бүттүбү” деген күмөндүү көз карашатар бар.
Ырасында, акыркы беш жылда бир нече аймакта жетекчи болуп алмашып иштеди. Кыйраткан иши жок. Мына Чоң-Алайдагы Дароот-Коргон аркасынын курулушунун сапаты мышык ыйлайт. Кыскасы, агасы Чолпонбек Абыкеевдин колдоосу менен өгүз өлбөсүн, араба сынбасын болуп келе жатат. Негизи “бактылуу чочконун мурдунан бок кетпейт” болгон кадрлар кайдан чыгат?