www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Социал-демократ” партиясынын мүчөлөрү Темирлан Султанбеков менен мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу Кадырбек Атамбаев чогуу китеп жазышты. Бул тууралуу Султанбеков Фейсбук социалдык тармактарда жарыялады.

Анын айтымында, китепте Түндүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн реформалары сүрөттөлөт.

“Досум Кадыр Атамбаев экөөбүз биргеликте китеп жаздык, аны басып чыгарууга даярдап жатабыз. Китеп 350 беттен ашык болот. Анда Түндүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө жүргүзүлгөн реформалардын жетишкендиктери жана ийгиликтери баяндалат. Биринчи кезекте, экономика, саясат, коом жана ушул чөйрөлөрдөгү ар кандай аспектилер жөнүндө сөз болот. Китептеги тыянактар ​​алдыдагы парламенттик шайлоодо биздин партиянын программасы боло алат.

Кадыр Атамбаев – мамлекет башчысынын үй-бүлө мүчөсү кандай болушу керектигинин жаркын мисалы. Ал эч качан саясатка же бизнеске кийлигишкен эмес, өлкө анын атын КРнын экс-президенти камакка алынгандан кийин гана уккан. Эң оор күндөр да аны сындырган жок, тескерисинче күчтөндүрдү” – деди Темирлан Султанбеков. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости