www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы убактылуу башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн уулу Алмаз кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media укук коргоо органдарына таянуу менен билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин Чүй облустук ички иштер башкармалыгы 10-июнда Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан ишенип берилген мүлктү ыйгарып алган деп шектелип 1988-жылы туулган Т.А.(Теңиз уулу Алмаз) кармалганын маалымдаган.
Тергөө органдары Т.А.ны - жетекчи болуп иштеп жүрүп, ишканадан 274 миң 325 сомдук продукция алып, бирок сатуудан кийин акчаны бербей, изин жашырып кеткен деп айыптоодо.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан 1988-жылы туулган Т.А., 2023-жылдын 10-июнь күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.