www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери СИЗОдогу Теңгиз Бөлтүрүккө барышты.
Маалым болгондой, “Кумтөр голд компанинин” мурдагы тышкы башкаруучуксу Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы Илмира Алпысбаеванын билдирүүсүн алар эске алды. Социалдык тармактарда Алпысбаева күйөөсү кыйноого алынышы мүмкүн экенин айткан.
Үстүбүздөгү жылдын 10-мартында УКМКнын СИЗОсунда жаткан Тенгиз Бөлтүрүккө УКМКнын кызматкерлери барып, жубайынын айткандарын талкуулады. Улуттук борбордун өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүдө Теңгиз Бөлтүрүк жубайынын сөздөрүн четке кагып, эч кандай кыйноого кабылбаганын билдирди.
Буга чейин анын жубайы Бөлтүрүктүн оң билегинде шишик бар экенин билдирген жана ал кысымга кабылган деп божомолдогон.
Эске салсак, 2022-жылдын сентябрь айында Бөлтүрүккө бир нече берене боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн айтканына караганда, “Кумтөр голд компанинин” кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында, алдын ала эсептөөлөр боюнча, мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.
Булак: NazarNews.kg