www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ТЭЦте жылуулук берүү системасынын температурасын жогорулатуу үчүн басым көтөрүлүүдө. Бул тууралуу ТЭЦтин башкы инженери Нурлан Кулжыгачев маалымат жыйын учурунда билдирди.
Ал эми энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов 3-4 сааттын ичинде система нормага келтирилерин кошумчалады.
"Кечке чейин дагы төрт от казан ишке кирип, системанын нормалдуу иштешин камсыздайт", — деген Керимов.
Буга чейин ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев борбор калаада жылуулукту режимге келтирүүгө 5-7 күн керектелерин айткан.
Белгилей кетсек, ТЭЦте жарылуу 2-февралга караган түнү болуп, шаардын айрым жерлерине жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учураган.
Булак: NazarNews.kg