www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы "Манас" эл аралык аэропортунда TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды. Бул тууралуу маалыматты "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы ырастады.
Социалдык тармактарга тараган видеодон учак капталынан кулап калганын көрүүгө болот.
Аэропорттун маалыматы боюнча, учуу учурунда арткы шасси тирөөчтөрүнүн бири сынып, натыйжада учак сол канаты тарапка ооп кеткен. Учуу тилкесинде ылдамдык анча чоң эмес болгондуктан, учкучтар учакты токтотушкан.
Токтогондон кийин учак сол капталына кулап, авиакеросин төгүлгөн. Окуя болгон жерде өрт өчүрүү кызматы иштеп жатат.
"Манас" эл аралык аэропортунда аба каттамдары убактылуу токтотулду.
Учактын ичинде 181 жүргүнчү жана экипаж мүчөсү болгон.
Кырсыктан улам бир нече жүргүнчүнүн денеси көгөрүп, кесик жана жеңил жараат алган. Аларга медициналык жардам көрсөтүлдү.
TezJet компаниясы: "Тилекке каршы, биз учурда расмий комментарий бере албайбыз. Биздин юристтер жакында жооп беришет", - деп билдирди.
Окуянын жагдайлары жана себептери такталууда.