www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Британиянын The Sun гезити Орусиянын Украинага «басып кирүүсүнүн» башталышы тууралуу макаласынын аталышын жана текстин өзгөрттү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Британ таблоиддери бир күн мурун «басып киришинин» убактысын белгилешти - бул жергиликтүү убакыт боюнча шаршемби күнү таңкы саат үчтө болот делген. The Sun АКШнын чалгын агенттиктерине шилтеме жасап, таңкы үчтү «эң ыктымалдуу убакыт» деп атады. Бул тууралуу The Mirror басылмасы Киевдеги басылманын журналисттерине маалымат берген америкалык чалгын кызматындагы булактарга таянуу менен жазды.
Азырынча The Sun гезитинин макаласынын баш жана кириш абзацында мындай деп айтылат: «Орусия Украинага каалаган убакта массалык ракеталык сокку уруу жана 200 миң аскери менен басып кирүүгө даяр», - дейт АКШнын чалгындоо кызматы.
Ал эми кэш-архивде сакталган болгон түп нускада «каалаган убакта» деген сөздүн ордуна «эртең түнкү бирде» деп айтылган.
Кошумчалай кетсек, макаланын түп нускасында америкалык чалгын кызматтарынын айтымында, таңкы саат үч «буйрук» чыгаруу үчүн «эң ыктымалдуу убакыт» деп айтылат. Эми тексттин бул жеринде түн «окуясыз өттү» деп айтылат.
Бул ортодо The Sun басылмасынын Twitter баракчасында тийиштүү посту азырынча «басып киришинин» башталышынын алгачкы формулировкасын шаршемби күнү таңкы саат 3:00 деп берет.
Белгилей кетчү жагдай, The Mirror макаласынын түп нускасы эскертүү жарыяланган учурда өзгөргөн жок.
Кремль буга чейин бир катар батыштык маалымат каражаттарынын эртең менен Орусиянын Украинага «басып кириши» тууралуу кабарларына ирония менен комментарий берип, орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков украиндерге ошол убкытка саат (будильник) коюп коюуну сунуштаган.
Эске салсак, Киев жана Батыштын саясатчылары соңку айларда Орусия аскердик күчтөрүн Украинанын чек арасына жакын жайгаштырып жатканын айтууда. Бирок алар Кремлдин позициясын кошкон эмес. Аскер күчтөрү өзүнүн аймагында каалагандай жүрө алат, бул эч кимге коркунуч жаратып жана сестентпеши керек.
ТИМдин билдиргенине караганда, «орусиялык агрессия» жөнүндө билдирүүнү чек аралаш региондордо НАТОнун контингентин көбөйтүүгө шылтоо катары колдонуп жатат. Мындай айыптоо күлкү келерлик, ошол эле учурда кооптуу.
Ал арада АКШнын президенти Джозеф Байден НАТО, Батыш өлкөлөрүнүн, Евробиримдиктин лидерлери менен болгон видеоконференцияда Орусиянын Украинага «кирип барышын» 16-февралда болот деп жар салган. Бул туурасында Politico гезити өзүнүн маалымат булактарына таянып билдирген.
Анткен менен европалыктар Байдендин жогоруда айткан датасы жана чатактан четтеп кетүүгө болбой калды дегенине кошулган эмес. Ал эми аткаминерлердин бири ЕБ буга баш койбой тургандыгын билдиргени айтылды.
Материалда «америкалык көптөгөн аткаминерлерге» шилтеме берилгени бекемделип, Вашингтондун союздаштарына Орусия кол салуусу катарлашкан ракеталык соккулар жана кибератакалардын жаралышын айтканын билдирген. Байдендин маектештери америкалык чалгын кызматынын маалыматтарын ишеңкиребей кабылдаганын басылма белгилеген.
Булак: NazarNews.kg