www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын тигүү тармагынын өкүлдөрү Орусия чек арасында кыргыз товарларынын кармалып жатканын айтып, президент Садыр Жапаровдон жардам сурашты. Алардын айтымында, 25-апрелден бери жүктөр катуу текшерүүгө жөнөтүлүп, товарлар убагында жетпей калууда.
Ишкерлердин маалыматына караганда, бардык документтер мыйзамдуу болсо да, фуралар убактылуу сактоочу кампаларга киргизилип текшерилип жатат. Азыркы учурда чек арада болжол менен 50 фура токтоп, товарлардын жалпы баасы 1,5 млрд рублга жетет.
Тигүүчүлөр жана сатуучулар мындай кечигүүлөр сезондук товарлардын өтпөй калышына, бизнеске чоң чыгым алып келерине тынчсызданууда. Алар Орусия менен сүйлөшүү жүргүзүп, маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышты.