www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоо органдарындагы өздүк булактар кылмышка шектелип кармалган чет элдиктердин бирөө аялдын күйөө баласы экенин кабарлашты.

Бишкекте 57 жаштагы аял жана 22, 24 жаштагы чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралууу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар эркине каршы чет элдиктерди кармап турууга жана уруп-сабоого шектелүүдө.

"Милицияга 1-августта Бишкектеги тигүү цехтеринин биринин кожойкеси тарабынан чет элдиктер ур-токмокко алынып, эркине каршы кармалып турганы боюнча билдирүү түшкөн. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүгү ("Уруп-сабап кыйноо") боюнча иш козголуп, шектүүлөр камакка алынды", — деп айтылат маалыматта.

 

Укук коргоо органдарындагы өздүк булактар кылмышка шектелип кармалган чет элдиктердин бирөө аялдын күйөө баласы экенин кабарлашты. Ал эми жабырлануучулар төртөө. Баары чет элдик жарандар.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости