www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы тигүү өнөр жайы соңку үч айда мурда болуп көрбөгөндөй соккуга кабылды. Орус-казак чек арасындагы күчөтүлгөн текшерүү кесепетинен миңдеген тонна товар жолдо тыгылып, ондогон цехтер ишин токтотуп, жүздөгөн жумушчулар айлыксыз калууда.

Орусия тарап Казакстан аркылуу ташылган жүктөгү контрабанданы азайтуу шылтоосу менен текшерүүнү күчөткөнүн айтууда. Бирок анын айынан мыйзамдуу иштеген Кыргызстандык ишкерлердин товарын ташыган оор жүк ташуучу унаалардын күндөп-түндөп Казакстан-Россиянын чек арасынан өтө албай кармалып жатканын, товарлар бузулуп же сатуудан кечигип, ири чыгымга батканын билдиришүүдө.
Жүк ташуучулар учурда 4 миңден ашык унаа чек ара тыгылып турганын айтышууда. Жүк ташуучулар ассоциациясы айдоочулар 10 күнгө чейин чек арада кезекте турганын тастыктады. Айрымдары унааларын таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Арийне бул абал Евразия экономикалык биримдиги боюнча келишимдердин түздөн-түз бузулушу экенин тастыктайт. Андыктан Кыргыз бийлиги маселени ЕАЭК деңгээлинде көтөрүшү зарыл чаралардан болуп турат. 

Дегенибиз, тигүү тармагындагы ишкерлик дээрлик 250 миңден ашык адамдын жан багар булагы десек жарашат. Ал түгүл Өкмөт буга чейин тигүү өнөр жайын өлкөнүн негизги бюджет түзүүчү багыты катары атап келген. Учурдагы кырдаал уланса, ишкерлердин айтымында, тармак бүтүндөй кыйроо коркунучуна кептелиши мүмкүн.

Казакстандын Транспорт министрлиги Россия тарап текшерүүнү күчөткөндүктөн жүктү кароо убактысы узарганын, санитардык-фитосанитардык талаптардын көзөмөлү да катууланганын айткан.
Өкүнүчтүүсү, Бирдиктүү экономикалык мейкиндик убадасы менен ЕАЭБге кирген Кыргызстан кайрадан чек арадагы бюрократиянын босогосунда калды. Ишкерлер чыгымга батып, миңдеген адамдар жумушсуз калуу алдында турат. Андыктан кырдаал өкмөттүн чечкиндүү кадамына көз каранды болуп турат.

Последние новости