www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская автократ лидер Александр Лукашенкону 12 күндүн ичинде отставкага кетүүгө чакырды. 

Шейшембиде Телеграм каналында жайгаштырылган билдирүүдө Тихановская демонстранттар “элдик ультиматум” коюшканын, Лукашенкого бир катар шарттарды аткарууга мөөнөт берилгенин айтты. Атап айтканда каршылык акцияларына катышкандарга каршы күч колдонууну токтотуу жана бардык саясий туткундарды коё берүү талаптары коюлган.

Лукашенко бул шарттарды аткарбаса, анда “бүт өлкө элдик ультиматум менен көчөлөргө тынч акцияга чыгышат, өнөр жай ишканалары иш ташташат, бардык жолдор тосмолонот жана бардык мамлекеттик дүкөндөргө бойкот жарыяланат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Тихановская беларус бийлигинин оппозиция менен болгон “диалогу” тууралуу билдирүүсүн айыптады жана камалган оппозиционерлерге каршы аракеттерди “мамлекеттик террор” деп атады. Ал күч түзүмдөрүн “эл тарабына өтүүгө” үндөдү.  

Булак: Борбор Азия Жаңылыктары

Последние новости