www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарандык активист Тилекмат Куренов өзүнүн атынан ачык кат жарыялап, мурдагы депутат Эмил Жамгырчиевдин журналисттерге берген билдирүүлөрүнө жооп берди. Ал катында өзүнө карата мурда жасалган кыянатчылыктарды кечиргенин жана жакындары үчүн жашоосун жаңы барактан баштоону чечкенин белгилеген.
Ошол эле учурда ал Жамгырчиевдин акыркы билдирүүлөрүндө өзү тууралуу айтылган маалыматтар чындыкка дал келбей турганын айтып, коомчулукту жаңылыш маалыматтан сактоо максатында жооп берүүгө аргасыз болгонун белгиледи.
Катта Тилекмат Куренов 2025-жылдын 10-апрелинде Дубайдан күч менен алып келинип, бир жума бою дайынсыз болуп, жертөлөдө кармалганын эскерет. Анын айтымында, кийин УКМКга жеткирилгенден кийин да оор психологиялык абалды башынан өткөргөн.
Ошондой эле ал тергөө маалындагы беттешүүдө Эмил Жамгырчиев Куранга кол коюп, үй-бүлөлүк жагдайларын айтып жардам сураганын билдирди.
"Атам катуу ооруп жатат, балам рак оорусуна чалдыгып калды, мени артыңан сүйрөп кетпе", - деп көзүңдү жашылдантып, ыйламсырадың. Адвокатың коомчулукка, ЖМКга “Жамгырчиев паспортту алган эмес” деп айтып койсунчу", - деп сурандың. 2025-жылкы күздөгү шайлоого катышарыңды айттың. Эми элдин башын айландырып жатасың", - деп жазган Куренов.
Ал азыркы учурда абакта отурганына карабастан, өзүнө карата айтылган сөздөр чындыкка дал келбегендиктен жооп берүүгө мажбур болгонун белгиледи. Ал ар бир адам ката кетирерин айтып, күнөөнү моюнга алуунун ордуна бири-бирин айыптоо эч кимге пайда алып келбей турганын жазган.
Каттын соңунда ал өткөн окуяларды артта калтырып, жашоосунда жаңы максаттарды койгонун билдирген.
"Мен эски дептерди жаап, жашоого жаңы максаттарды койдум. Кудайдан тилегеним, бөтөн жерде, тагыраагы АКШда жүргөн үй-бүлөмдүн амандыгы. Мен түрмөдө отурганда менин жакындарым менен бир нерсе боло турган болсо, анда мага эркиндиктин кереги жок. Андай эркиндик көптөргө жана өзүмө зыян алып келет.
Ооба, мен дагы периште эмесмин. Айрымдардын жекелигине өтүп сындаганым үчүн күнөөлүмүн. Мени дагы кечирип койгула.
Баарыңарга ийгилик каалап, Тилекмат", - деп жазылган катта.

