www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Камакка алынган жарандык активист Тилекмат Куренов президент Садыр Жапаровдун баласы Дастанга донор болгон, ал кан берген" деген билдирүүнү Маратбек Мирланбек уулу аттуу интернет колдонуучу социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анда ал төмөндөгүдөй пикир калтырып жанына маалымкаттын сүрөтүн тиркеген.

"Тилекматтын атасы Кудайберген байке Садыр Жапаров үчүн 40 күн түрмөгө отуруп чыккан. Баласы Тилекмат Куренов Садыр Жапаровдун баласы Дастан үчүн канын да берген жана колдоп жүргөн. Эми кандай болуп калды? Тилекматка боштондук".

Учурда Куренов камакта жана Кылмыш кодексинин бир нече беренелери боюнча айыпталууда. Белгилүү болгондой, ал жаңы Конституцияны кабыл алууга каршы болуп, нааразычылык акциясын уюштуруучулардын катарында болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости