www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 4-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Жыйында баяндама жасаган ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты тилемчиликтин деңгээлин төмөндөтүү, анын коомдук тартипке тийгизген терс таасирин жоюу, жолдун жүрүүчү бөлүгүндө тилемчилик кылууну жоюу аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, аярлуу катмардагы жарандарды тилемчилик максатында эксплуатациялоодон коргоо болуп эсептелет.
Долбоордун милдеттери – коомдук жайларда, анын ичинен жолдун жүрүүчү бөлүгүндө тажатма тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган укуктук ченемдерди, калктын аярлуу катмарларын тилемчилик кылууга тартуунун алдын алууга багытталган чараларды белгилөө, мындай аракеттер үчүн катаал жаза чараларын колдонуу, ченемдерди кайталап бузган чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн чыгарып жиберүү үчүн укуктук негизди камсыз кылуу болуп саналат.
Талкуу маалында депутат Илимбек Кубанычбеков жарандардан акча чогултуу менен алектенген алдамчылар аз эмес экенин жүйө келтирип, Саламаттык сактоо министрлигин жана Ички иштер министрлигин оор диагнозу бар жарандардын дарылануусуна каражат чогултуу боюнча бирдиктүү платформаны биргелешип иштеп чыгууга чакырды. Анын айтымында, бул текшерилген маалыматтардын негизинде түзүлгөн реестр кымбат дарыланууга муктаж адамдарга даректүү жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл.
Ал эми депутат Дастан Бекешев укук коргоо органдарын жана социалдык кызматтарды тилемчилик менен алектенген жашы жете элек балдарга көңүл бурууну, бул багытта кылдат талдоо жүргүзүүнү сунуштады. Эл өкүлү Токтобүбү Ашымбаева да балдарды тилемчиликке тартууга каршы чараларды көрүү керектигин билдирди.
Эл өкүлү Камила Талиева тилемчилик менен алектенген адамдарды текшерүү жана алардын өздүгүн аныктоо максатында рейддерди жүргүзүү зарылдыгын айтып, ошондой эле муктаж адамдарга жардам кайрымдуулук фонддорунун ишмердүүлүгү аркылуу көрсөтүлүшү керектигин кошумчалады. Муну менен катар депутат Махабат Мавлянова мыйзам долбоорун колдоп, жолдордо тилемчилик кылуу жол коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканын белгиледи.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.