www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТИМ: 14 кыргыз жараны эвакуацияланды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 9-январда Алматы шаарындагы Башкы консулу 14 кыргыз жаранын мекенине алып келгенин билдирди. Алардын ичинде аялдар жана балдар бар.

Министрлик мындан тышкары Нур-Султан шаары менен авиа каттам токтоп тургандыктан 15 кыргыз жаранын темир жол аркылуу алып келүү боюнча иш жүрүп жатканын маалымдады.

6-январда ТИМ жыйырма кыргыз жараны эвакуацияланганын кабарлады. Атайын уюштурулган транспорт менен Kыргызстандыктардан тышкары жыйырма орус, бир тажик, бир өзбек жараны келген.

Казакстандагы башаламандыкка катышууга шектелип Kыргызстандык жарандар кармалганы белгилүү болду. 9-январда "Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы" тараткан видеодо бети-башы көгөрүп, токмоктолгон жигит аны “белгисиз адамдар” 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге чакырганын айткан. Видеодогу Kыргызстандык белгилүү музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болду. 

ТИМ музыканттын кармалышына байланыштуу Казакстанга нота тапшырды. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жергиликтүү сайттардын бирине Казакстанда кармалган кыргыз жарандарына адвокаттарды жана консулду киргизбей жатканын билдирген.

Казакстандын Ички иштер министрлиги видео тасмадагы жаран музыкант Викрам Рузахунов эмес, башка бир Kыргызстандык - Закир Юбуров экенин билдирүүдө.

Социалдык тармактын колдонуучулары Казакстандын Алматы шаарынан башка шаарларында дагы эмгектенген кыргыз жарандары кармалганы тууралуу жазып жатышат.

Казакстандын Ички иштер министрлиги кармалгандардын арасында "кошуна мамлекеттердин жарандары" бар экенин билдирип, бирок кайсы өлкөлөрдүкү экенин тактаган эмес. 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости