www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандары АКШдан үчүнчү өлкөлөргө депортацияланып жатканы тууралуу маалыматка комментарий берди.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын АКШдагы элчилиги жана башкы консулдугу АКШнын жергиликтүү бийлик органдары менен өлкөнүн иммиграциялык эрежелеринин өзгөрүшү боюнча жолугушууларды өткөрүп, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде кыргызстандыктарды үчүнчү өлкөлөр аркылуу депортациялоо маселелерин такташууда.
"Кыргызстандын АКШдагы мекемелери КР жарандарын депортациялоо маселелери боюнча АКШнын ыйгарым укуктуу органдары менен өз ара аракеттенүүдө. Ошондой эле бул маселе боюнча Латын Америкасынын мамлекеттеринин АКШдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен өз ара аракеттенүү жүргүзүлүүдө", -деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинде.
Ошондой эле ведомство 20-февралда Коста-Рикага депортацияланган 135 чет өлкөлүк жарандын тизмесинде кыргызстандыктар жок экенин белгиледи.
"АКШдагы Кыргызстандын жарандарынан тийиштүү кайрылуулар түшкөн учурда, КРнын АКШдагы мекемелери жарандарга зарыл жардам көрсөтөт.
Министрлик АКШнын миграция тармагындагы өзгөрүүлөрдү жана КР жарандарына байланыштуу кырдаалды көзөмөлдөй берет",- деп кошумчалашты Тышкы иштер министрлигинде.