www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарынын бир катар шаарларында уланып жаткан көчө демонстрацияларын эске алуу менен дагы бир ирет кыргызстандыктарды өз коопсуздугуна жогорку деңгээлде көңүл бурууга чакырат.
Министрлик кыргызстандыктарга демонстрациялар, митингдер же башаламандыктар менен коштолушу мүмкүн болгон башка массалык чогулуштар өткөрүлүп жаткан жерлерден оолак болууну сунуштайт. АКШдагы кыргызстандыктар зарыл болгон учурда кечиктирбестен өлкөдөгү Кыргызстандын дипломатиялык жана консулдук мекемелерине кайрылышы керек.