www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТИМ: Алматыда абакта отурган 4 кыргызстандык жаран бошотулат

Казакстанда кармалган Закир Юбуров жана башка дагы үч кыргызстандык бошотулат. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

"Казак тарап менен мурда кармалган З.Юбуров, А. Хуров, А.Р. Джишанло, И. Мачо аттуу Кыргызстандын жарандарын абактан бошотуу макулдашылды", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Алматыдан 150 кыргызстандык эвакуацияланары белгиленди. Анын ичинде улгайган адамдар, жаш балдар жана студенттер бар. Мекендештер "Ак-Жол" чек ара постуна чейин Башкы консулдук тарабынан уюштурулган транспорт, андан бери Бишкек мэриясынын автобустары менен алып келинери айтылды.

Аны менен катар ТИМ башаламандык маалында каза болгон кыргызстандык Азиз Мусаевдин апасын Алматыга киргизүүгө уруксат алуу маселеси иштелип жатканын билдирди. Себеби кыргыз-казак чек арасындагы чектөөлөргө ылайык, ал коңшу өлкөгө кире албай жаткан.

Министрлик Казакстандагы мекендештерди өлкө мыйзамдарын жана эрежелерин сактоого, чагымчылдыкка алдырбоого, саясий окуяларга катышпоого, эл көп чогулган жерлерден оолак болууга чакырат.

Белгилей кетсек, кечээ, 10-январда, Тышкы иштер министрлиги Алматыда кармалган кыргыз жарандарын бошотуу талабы менен Казакстанга дагы бир нота жиберген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости