www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) жайгашкан мекендештер үчүн мейманканалардан чыгарып кетүүгө туура келген учурда аткарылуучу нускаманы таратты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Учурдагы кырдаалга байланыштуу БАЭбийлиги мейманканаларга, жашап туруу мөөнөтү аяктаган конокторду кошумча акы албастан, учурдагы чектөөлөр мезгилинде жашоону узартуу зарылчылыгы тууралуу директиваларды жөнөтүштү.
Кыргызстандын жарандарына сабырдуу болууну жана мейманкананын администрациясына БАЭнин компетенттүү органдарынын көрсөтмөлөрүнө шилтеме кылып, жашоону узартуу укугу жөнүндө сылыктык менен билдирүү сунушталат. Ошол эле учурда, эгерде альтернативдик жайгаштыруу каралбаса жана чыгарып кетүүнүн негиздери түшүндүрүлбөсө, бөлмөнү ыктыярдуу түрдө бошотуп, буюмдарды алып чыгып же чыгарып кетүү боюнча документтерге кол коюуга болбойт.
Ошондой эле мейманкананын жооптуу менеджерин чакырып, мейманкананын системасына кайрылууну каттоону талап кылуу сунушталат. Администрация тарабынан кысым болгон учурда полицияны чакырууну талап кылуу же кырдаалды расмий каттоо үчүн 999 номуру аркылуу укук коргоо органдарына өз алдынча кайрылуу керек.
Тышкы иштер министрлиги жарандарга жашоо үчүн өз каражаттары менен төлөө сунушталбастыгын, анткени мындай чыгымдар, адатта, кайтарылбастыгын баса белгиледи. Ошондой эле, болуп жаткан окуяларды сүрөт же видеодо каттап, жазышууларды, дүмүрчөктөрдү жана документтерди сактоо, ал эми мүмкүн болсо, чыгарып кетүүнү талап кылган кызматкерлердин маалыматтарын жазып алуу маанилүү.
Көйгөй жаралган учурда жарандар Кыргызстандын БАЭдеги дипломатиялык мекемелерине токтоосуз байланышып, жашаган жери, анын ичинде балдар жана улгайган адамдар менен жалпы адамдардын саны, ошондой эле мейманкана тарабынан коюлган талаптар тууралуу маалымат берvvre тийиш.
Эгерде мурда эле чыгарылган болсо, полиция келгенге чейин же мейманкананын жетекчилиги менен кырдаал жөнгө салынганга чейин мейманкананын аймагында же вестибюлде калуу сунушталат жана чет элдик мекемелерге дароо маалымат берилет.
Кыргызстандын элчилиги же Башкы консулдугу менен байланышуу үчүн телефондор: +971 52291 8840 жана +971 52222 5269, күнү-түнү иштейт.